Домой Коом Митингчилер жумасына 2-3 ирет чыгып турмакчы

Митингчилер жумасына 2-3 ирет чыгып турмакчы

50

Ата Мекен партиясынын митинги

Мындай маалыматты “Ата Мекендин” ЖКдагы фракция лидерлигине убактылуу шайланган Алмамбет Шыкмаматов жар салды. Анын айтымына караганда: Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары депутатты колдоо максатында жумасына 2-3 жолу митингге чыгышат, айрыкча, парламентте пленардык жыйын болгон 3-4-күндөрү түштөн кийин чогулушат, ал эми ишемби, жекшемби күндөрү дем алуу болот экен. Митингдин  негизги максаты  — оппозициялык маанайдагы адамдарды куугунтуктоону токтотуп, сөз эркиндигине басым жасабоого чакыруу болуп саналарын кошумчалаган.  “Атасы”  абакта жаткан “Ата Мекендин” митинг өткөрүү боюнча аракеттери, күчү канча экенин жана бийликтин да реакциясын  көрө жатарбыз.