Домой Саясат Миталип МАМЫТОВ, академик, Кыргыз Эл Баатыры: “Кийинки президент Алмазбек Атамбаевдин ишин улантып...

Миталип МАМЫТОВ, академик, Кыргыз Эл Баатыры: “Кийинки президент Алмазбек Атамбаевдин ишин улантып кетүүгѳ милдеттүү”

289

      1032422242

— Президент Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү соңуна чыгып баратат. Айрымдар өлкө башчысын эч нерсени өзгөртө алган жок деп сындашууда.  Аксакал катары калыс пикириңизди айтыңызчы, Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө кандай иштер аткарылды, же эч нерсе жасалган жокпу?

— Биринчиден, өлкөбүздө Кудайга шүгүр, абдан жакшы иштер болуп жатат. Негизи ар заманда ичинде кутуму бар, арамза адамдар мындай ийгиликтерди көргүсү келбей, ар кандай кептерди айта беришет. Биздин президентибиз Алмазбек Шаршенович өлкөбүз үчүн соңку жылдары абдан көп иштерди жасады. Азыр биздин өлкөдө экономикалык өсүү болуп жатат. Элибиздин турмушу жакшырып, тээ алыскы аймактарыбыздагы айылдарыбыздан өйдө заңгыраган үйлөрдү куруп жатышат. Кудайга шүгүр, азыр ар бир короодо мал-жандыктары, айдаган авто унаалары бар. Аракет кылып, иштейм деген адамдардын турмушу абдан жакшы болуп баратат. Жалкоолонуп, иштегиси келбегендердин албетте, турмуштары кыйын болууда.

Экинчиден, Атамбаевдин бийлиги учурунда өлкөбүздө саясый туруктуулук өкүм сүрдү. Мунун арты менен экономикабызда жылыштар болууда. Баягыдай “революция кылам, ызы-чуу уюштурам” дегендер жоголду. Андайлардан арыла баштадык. Ошондой эле соңку убактарда өлкөбүздөгү жол куруу иштери жанданды. Мейли шаар ичи болобу же региондорду байланыштарган жолдор болобу, жакшы нукта салынып жатат. Өлкөбүздө өзгөчө жеңил өнөр-жайын өнүктүрүү жагынан жылыштар жакшы нукта уланып, экспортко чыгып жаткан учур. Айыл чарба тармагыбыз жолго коюлуп, чарбачылык жагыбыз жакшырды. Айтор, акыркы жылдардагы жакшы иштерди тизмектесек четтен табылат. Анын жасаган иштери баардык жагынан жакшы жагына жылууда. Алмазбек Атамбаев өз мөөнөтү бүтүп кеткиче дагы жакшы көп иштерди аткарып берет деп ишенем.

— Өлкөбүздө ушундай жакшы саамалыктар жүз берип жатса, жаңы келе турган президент башталган иштерди улантышы керекпи? brand cialis professional 20 mg.

— Мен кезегинде Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков болуп кыргыз парламентинин бир чакырылышында чогуу депутат болуп, биргеликте эриш-аркак иштешкенбиз. Бири бирибизди жакшы билебиз. Менимче, кийинки президент Алмазбек Атамбаевдин ишин улантып кетүүгѳ милдеттүү.