Домой Саясат Мискенбаев КСДПга “мишайт” этип турат окшойт

Мискенбаев КСДПга “мишайт” этип турат окшойт

108

Мээрбек Мискенбаев

Мээрбек Мискенбаев деген КСДП фракциясынын депутаты бир туруп жакшы сүйлөп, бир туруп “делөөрүп” кетмейи бар экен. Сөзгө да чоркок неме экен, анысы куудулдар менен болгон келишпестигинен улам байкалды. “Ат минбеген минип өлтүрөт” дегендей, акыркы учурларда ар кандай маселелер боюнча алды-артын карабай эле кыйкыра берчү болду. Же “атың чыкпаса жер өрттө” деген сөздү ураан тутуп алганбы? Айтор, кечээ күнү ал: “Темир Сариев башкарган өкмөт, Данияр Үсөнов башкарган өкмөттөн да начар. Бул өкмөт августка чейин эмес, майга чейин да жашабайт” — деп агынан жарылды. Мандатка мас болуп, оозуна келгенди анчалык ойлонбой айта берген Мискенбаев ушунчалык кыйын аналитик болуп, акылы башынан ашып-ташып төгүлүп жатабы? Же бийликтин бийик тепкичине чыгып, “башы айланып”, Данияр Үсөнов башкарган өкмөттүн кандай “бардак” экенин унутуп калганбы? Туура, Сариев башкарган өкмөттө деле кемчиликтер толтура, бирок Үсөнов менен Бакиевдин өкмөтүнө караганда төөчөлүк өйдө эмеспи. Кыскасы, КСДП фракциясына Мискенбаевдин “орошон” ой-толгоолору “мишайт” этип турат окшойт.  Балким, “бала-депутат” жакын арада мандатсыз калса, таң калуунун кажети жок. Ансыз да ал Таластан эң аз добуш алып келип, анысына карабай “наглый” болуп олтурган депутаттардын катарын толуктайт.