Домой Коом Мирзат Муканов: Сезим, “Сен бактылуу болууга татыктуусуң!” Болбой эле көрчү, токмок жейсиң

Мирзат Муканов: Сезим, “Сен бактылуу болууга татыктуусуң!” Болбой эле көрчү, токмок жейсиң

85

Журналист Мирзат Муканов балдызы тагыраагы Гүлбү Ороскул кызы менен Элмирбек Иманалиевдин кызы Сезимди турмуш жолуна узаткандан кийин төмөнкү пикири менен бөлүштү:

“Сезимибизди турмушка узаттык. Улуулардын кеп-кеңешин алып, мурдатан макулдашылган убакытты кийинкиге калтырбастан, жакшылыкка үмүт кылып, кызыбыздын жолун буубай, өз бүлөсүнө тапшырдык.

Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык кылып, той бериштен жеңил нерсе жок, бүгүнкү “пулуң болсо, кулуңмун” заманда. Бирок, шартка жараша эң жакындардын коштоосунда гана бата алдык. Куда-кудагый абдан сонун кишилер экен. Тойдун эртеси эле Өзгөнгө үйүнө барып сыйын да көрүп келдик. Бул утур телефон чалып сурап жаткан менин кесиптештерим үчүн маалымат болду.

Эми Сезимим менен Бексултаныма кааларым – кем болбогула, кармашкан колуңар үзүлбөсүн, тукумуңар көбөйсүн! Айзуура эжеңер экөөбүз силер үчүн ар дайым колубуздан келгенин аянбайбыз.
Сезим, Жажапэй, мен сага ар дайым айтам, “Сен бактылуу болууга татыктуусуң!” Болбой эле көрчү, токмок жейсиң.
Бизге моралдык колдоо көрсөтүп, кашыбызда болгон жакындарыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Жакшы сөз арнагандарга ыраазы болобуз”.