Домой Коом Мирлан Самыйкожо КТРКнын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды

Мирлан Самыйкожо КТРКнын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды

272

Мирлан Самыйкожо КТРКнын башкы директорунун милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу телеканалдын сайтына жарыяланган.

“Мындай чечимди өлкөдө төңкөрүш кылган жаштар кабыл алды”, -деп айтылат билдирүүдө.

Чечимди түз эфирде жалпы кыргызстандыктарга жар салышты.

Эске салсак, Жылдыз Бакашова бир күн мурун КТРК директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

6-октябрда КТРКнын Байкоочу кеңешинин чукул жыйыны болуп, анда КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулунун өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызы каралган. КТРКнын Улуттук Ассамблеясынын мүчөлөрү бир добуштан добуш беришип, арызды кабыл алышкан.

Эл өкүлдөр жыйынынын мүчөлөрү КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу кызмат ордуна Жылдыз Бакашованын талапкерлигин сунушташты.

Добуш берүүнүн натыйжалары: катышып отургандардын ичинен КТРКнын Улуттук Ассамблеясынын 11 мүчөсү Бакашовага бир добуштан добуш беришти.

Жылдыз Бакашова 2020-жылдын 6-октябрынан баштап КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп иштейт деп жар салышкан.