– Мирлан Канатбекович, «фракцияңыздардын лидери дагы алмашат экен» деген сөздөр тарады. Бул канчалык чындык?
– Регламентке ылайык, фракциянын курамына кирген ар бир депутаттын лидерди алмаштыруу боюнча демилге көтөрүп, сунуштаганга укугу бар. Бирок, бүгүнкү күндө фракциянын отуруму болгон эмес. Күн тартибинде андай маселе да жок.
– Сөз да жокпу?
– Сөз эми ар дайым эле боло берет да. Былтыр ротация тууралуу бир сөз болду эле. Мен ойлойм, кимдир бирөөнүн ошондой ою болсо, ротация менен карап деле койсо болот.
– «Фракцияда кийинки шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмеси түзүлө баштаптыр. Анан ошол тизмеге кирбей калгандардын таарынычынан улам ушундай маселе чыгып атат» деген маалымат бар. Буга эмне дейсиз?
– Менде андай маалымат жок экен.
– Болочоктогу фракция лидери катары сиздин да атыңыз аталып жатат. Ошондой сунуш түшсө, фракция ишеним көрсөтсө, макул болосузбу?
– Мен ага комментарий бере албайм. Бирок, фракциядан сунуш болсо, мен жумуштан коркпойм.

Керим МУРАС
Булак: Азия Ньюс