Домой Маек Мирлан Жээнчороев: Оппозиция катары алсыз же күчтүү экенибизди эл айтсын

Мирлан Жээнчороев: Оппозиция катары алсыз же күчтүү экенибизди эл айтсын

59

Мирлан Жээнчороев«Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев менен маек.

— Мирлан мырза, сиздердин фракция Бишкек шаарынын мэрлигине кандай себептер менен талапкер чыгарган жок? Лидериңер Бабановду бир аз болсо да сүрөгөндөр болду окшойт…

— Бул маселеге Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика” фракциясынын лидери өз пикирин айтпаса, менин айтканым туура эмес болуп калаар.

Негизи биз шаардын мэрин эл шайласын деп демилгелеп чыкканбыз. Азыр бул боюнча мыйзам долбоору жазылып бүттү, жакында фракцияда карап, анан палатага алып чыгабыз. Буйруса, колдоо таап калса, анда мэрди эл шайлап калат.

— Сиз Бишкек шаардык кеңешинде 3 жылдан ашык депутат болгонсуз. Шаардын көйгөйлөрүн жакшы билесиз. Мэр болуп шайланып келген адам биринчи кезекте кайсы көйгөйлөргө көңүл бурушу зарыл?

-Биринчиден ким мэр болуп келсе да, ал адам борбор шаарыбызды өтө сүйгөн, шаардын көйгөйлөрүн абдан жакшы билген, мыкты чарбакер адам болушу керек. Чарбалык жумуштар биринчи орунда болушу абзел. Экинчиси, экономикалык жумуштар. Борбор шаарга сырттан келген адам көчөлөрдүн жана көчө чырактардын ахыбалына көңүл бурат. Белгилүү болгондой, бул боюнча ахыбал анчалык жакшы эмес. Андан кийин таштанды маселеси. 2013-жылы Бишкек мэриясы менен Европа өнүктүрүү банкы келишим түзгөн. Келишимге ылайык 22 млн. евро келиши керек болчу. Ошол каражат азыр акырындык менен келе баштады. Тендер жарыяланып, унаалар, евро контейнерлер келди. Мэрия бул ишти толугу менен ишке ашырышы керек. Эң башкысы келген каражаттын жарымы шаардын четиндеги акыр-чикир талаасын рекультивация кылууга, ал жердеги мыйзамсыз жол менен салынып калган үйлөр да бар, мына ошондой көйгөйлөрдү чечүүгө сарпталат.

-Мэриянын бюджетин көбөйтүү маселеси көтөрүлүп жатканына көп болду. Сиз бул маселени колдойсузбу?

— Сөзсүз колдоого алыш керек. Негизи шаардын былтыркы бюджети 7 млрд. 600 млн. сом болгон. Анын жарымынан көбү айлыкка кетчү. Бишкектен жалпысынан 31-32 млрд. сом салык түрүндө чогулат. Мына ушул акчаны бөлүштүрүү маселеси талапка ылайык чечилип, жөнгө салынса абдан жакшы болмок. Шайланып келе турган жаңы мэр ушул маселеге да басым жасап, шаар пайдасы үчүн абдан аракет кылышы зарыл деп эсептейм. Буга чейин жакшы жышаан башталган. Шаардагы дарыгерлердин каржылоо маселесин өкмөт өз мойнуна алды. Азырынча дарыгерлерге сарпталып келген 9 миллион сомдун тегерегиндеги каражат шаар бюджетине калып жатканы айтылды, муну дагы тактайбыз. Мындан тышкары, өкмөт мугалимдердин каржылоосун өзүнө алса жакшы болот. Капиталдык салымдарга каражатты көбүрөөк бөлүш керек. Шаарды курчап турган 47 жаңы конуштун ичинде али чечиле элек көйгөйлөр көп. Ал көйгөйлөрдү чечүү үчүн чоң каражаттар керек. Андыктан шаардын акчасын кыскартпай, жыл сайын көзгө көрүнөрлүк кылып өстүрүп туруу зарыл. Көк-Жар, Ак-Өргө, Арча-Бешик, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо, Ала-Тоо, Кара-Жыгач сыяктуу жаңы конуштарыбыз борборго жакын болуп турат. Ал конуштардын бардык көйгөйүн чечип, ошол жаңы конуштарды өнүктүрүшүбүз абзел. Кыскасы, жаңы конуштарга бизнес борбор, көп кабаттуу ж.б. курулуштарды көбөйтүү керек.

— Мэриядагы эң көйгөйлүү маселе коррупция. Бул боюнча эмне айтасыз?

— Кандайдыр бир деңгээлде коррупция төмөндөп баштады. Мына өзүңөр билесиңер, 2012-жылы биринчи жолу партиялык тизме менен келди. Азыр шаардык кеңеште төрт фракция иштеп жатат. Мэриядагы негизи маселелер мурункудай бир үй-бүлөнүн тегерегинде эле чечилген жок. Азыр бардык маселелер коомдук талкуу жана депутаттардын активдүү сунушу, катышы менен чечилүүдө. Ал эми мэрия ичиндеги коррупцияны мындан да азайтуу маселеси жаңы келе турган мэриянын иш билгилигине, кыраакылыгына тыгыз байланыштуу.

— Сиз парламенттеги оппозициялык фракциянын өкүлүсүз. Чынында сиздер оппозиция катары көп маселелерде өзүңөрдү көрсөтө албай, жеткиликтүү сындай албай, айтор алсыз болуп жатасыздар. Бул пикирге кошуласызбы?

— Азырынча мындай пикирге кошулууга эрте го. Оппозиция десе эле кыйкырып, жөнсүз сындай берүү туура эмес. Ар дайым туура сындар, туура сунуштар айтылышы керек. Биздин фракция ишти татыктуу эле баштады. Шайлоодо 15 мыйзамды аткарабыз деп убада бергенбиз. Алардын бири — депутаттардын артыкчылыктарын жоюу болчу. Буйруса, бул маселе акырындык менен ишке ашып жатат. Мамлекетке пайда келтире турган: “региондорду өнүктүрүү боюнча”, “энергетиканы өндүрүү боюнча” сыяктуу бир катар мыйзамдарды демилгелеп, фракцияларда талкуулап, коомдук талкууга алып чыгып жатабыз. Ал эми оппозиция катары алсыз же күчтүү деген сурооңузга негизги жоопту эл берсе, эл айтса туура болот го.

— Шайлоо учурунда сиз да башкалардай эле элге чоң убадаларды берип келдиңиз. Ал убадаларды аткарып баштадыңызбы?

— Мен депутаттыкка Бишкек шаарынын Октябрь районунан шайланып келдим. Шаардык кеңешке да ошол райондон шайлангам. Бишкек шаардык кеңеште депутат болуп турган кезде бир конуштарды өнүктүрүү боюнча ишти баштагам. Тагыраак айтканда, менин демилгем менен 26 жылдан бери канализациясы жок Көк-Жарга канализация киргизүү боюнча (тендер өткөрүлгөнгө чейин 60 млн. сомдун тегереги болуп жаткан) тендер өткөндөн кийин 41 — 43 млн. сомго курулуш иштери башталды. 16 жылдан бери Кара-Жыгачта да канализация жок болчу, ал маселени да шаардык бюджетке киргизип, жеке компания долбоорун жасап жатат. Эми курулушту жүргүзүү боюнча так эсептөө чыгат. Мен бул боюнча аз күн мурун кат алдым. Мындан тышкары да көчө чырактарды коюу боюнча маселени көтөрүп жатам. Кыскасы, бул маселе менин толук көзөмөлүмдө. Ушундай иштерди башка конуштарда да акырындык менен уланта беребиз. Шайлоочуларга берген башка убадаларды ишке ашырууга убакыт керек.

— Айрым маалымат каражаттары 6 айдан кийин сиз же Кенжебек Бокоев экөөңүздөрдүн бирөөңүздөр мандатын тапшырышат экен деп жазып чыгышты. Бул кеп да бекеринен чыкпаса керек?

— Мындай маалыматты сизден биринчи угуп атам. Мен Бишкекте, Кенжебек мырза Таластан шайланып келди да. Бул маселе боюнча фракцияда маселе көтөрүлгөн жок. Эгер партия мындай маселени атайы жыйында карап, кандайдыр бир чечим кабыл алса, ал чечимге кимибиз болсок да баш ийебиз.

Маектешкен: Улан БАЙБАТЫРОВ