-Апрель окуясында каза болгондордун жакындары Курманбек Бакиевди даңазалап көрсөткөн телеканалдарды жабууну талап кылышып, бир катар бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Бишкекте пресс-конференция уюштуруп, ал телеканалдардын жетекчилерине эскертүү берүү жетишсиз чара экенин айтышты. Алардын койгон талабы колдоого алаарлыкпы же аша чабуубу?
-Туура эмес. Мамлекеттик деңгээлде курман болгон жарандарыбызга баатыр наам берип, алардын курмандыгын, эрдигин даңазаладык. Алардын арбагына, эрдигине таазим кылып, авторлор кечирим сураш керек. Бикиевдин үй бүлөлүк кланы кандуу жана уюшкан кылмыштуу топтун, саясий куугунтук жана буйрутма өлтүрүүлөрдүн режими болгон. Бул жана ушундай сюжет, даректүү фильмдер аны актоо максатында чыгарылып жатат. Саясат жок деп, бирок саясатты жүргүзүүнү көздөп жатышат.
Жоопкерчилик бирөө- коомдук басым жана порицание. Бакиевди даңазалаган фильмди көрсөткөн каналдар кечирим сураш керек. Ал жерде саясий чагылдыруу менен көз карашты чагылдыруу максат болгон эмес, ал жерде Бакиевди анын тарапташтары агартуу максатын көздөгөн.
Булак: Фабула