Домой Маек Мирлан Бакиров: Каркыранын казактарга өтүп кетишине Төрөбаев жалгыз добуш берген эмес

Мирлан Бакиров: Каркыранын казактарга өтүп кетишине Төрөбаев жалгыз добуш берген эмес

137

Мирлан Бакиров— Спикерликке көрсөтүлүп жаткан лидериңер Бакыт Төрөбаевди сиз жакшы билген, идеялаш адам катары артыкчылыктарын айтсаңыз?

— Бакыт Төрөбаев спикер болууга толук татыктуу, бир эле билимдүү гана эмес, бир катар чакырылыштарда жаштайынан депутат, кийин министр болуп жетиштүү тажрыйба топтогон. Эл аралык кызматташуу маселесинде да бир катар ийгиликтерге жетишип жатат. Маселен, Орусиянын айыл чарба техникаларын чыгарган ири “Ростсельмаш” компаниясы менен түздөн-түз келишим түзүп, Кыргызстанга аз эмес сандагы трактор, комбайн, ж.б. айыл чарба техникаларын алып келип, дыйкандарга жакындан колдоо көрсөтүп жатат. Бул маселени келечекте өкмөттүк деңгээлде көтөрөм деген максаты бар. 500дөн ашуун трактор-комбайн алынып келип дыйкандарга колдоо көрсөтүлсө деген үмүттөр бар. Спикер болгон адам, албетте, биринчи кезекте калыс болуш керек. Бакыт Төрөбаев калыс адам. Бул жагынан шек саноого болбойт. Жогоруда айткандай, ал спикер болсо эл аралык мамилелерди дагы да чыңдап, парламенттин аброюн бир топ көтөрөт деген ишеним бар.

— Кемчиликтерин ачык айта аласызбы? Же жашырып коёсузбу?

— Кемчиликсиз адам жок да. Биздин лидердин саясатта, фракциянын лидери болуп жүрүп, орчундуу кемчилигин чынында байкаган жокмун. Элибизде: “Бара-бара көсөм, сүйлөй, сүйлөй чечен болосуң” деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, биздин лидер да бардык нерседен такшалып, барган сайын ири саясатчыга айланат го деген ойдомун.

— Канат Исаев дагы, Бакыт Төрөбаев дагы жеке кызыкчылыктарга басым жасаган, амбицияларына чек жок саясатчылар экени айтылып келет. Сиз буга кошуласызбы?

— Туура, амбициясыз саясат болбойт да. Адам амбиция менен алдыга умтулат. Саясатчы үчүн амбиция дагы жакшы сапаттардын бири деп айтат элем. Мисалы, мен Төрөбаевди дагы, Исаевди да жакшы билем. Канат экөөбүз курсташпыз. Азыр да жолдоштук жылуу мамилем бар. Эгер, эки талапкер тең регламент аркылуу жумшак рейтинг менен добушка коюлса, албетте жакшы болмок. Ошондо кимиси күчтүү болсо, ал жеңип чыкмак, калыс болуп, эч кандай талаш-тартыш болбойт эле да. Менин билишимче, экөөнүн тең мамилеси жакшы. Ага карабастан, учурда экөөнө тең ар кандай ушак-айыңдар айтылып жатат, ошол ар кандай божомол менен айтылган сөздөрдөн таза чыгып кетүү үчүн спикерди шайлоо жумшак рейтинг менен болсо, ал сөздөргө чекит коюлмак. Мүмкүн, ортодо башка күчтөр дагы эки талапкерге карата кара пиарды атайы таратып жатышат.

— Бирок, кара пиардын башаты эки партиянын өзүнөн кетти да…

— Аны жакшылап такташ керек. Мунун баарына жакында чекит коюлат, азырынча убактылуу көрүнүш. Ага чейин эки лидер өздөрүнчө жакшылап сүйлөшүп алышса, жакшы болмок. Президентибиз дагы бул маселеде бир талапкерди таңуулап шайлап алгыла дебей, калыс мамиле кылып турат, бул мүмкүнчүлүктү да туура пайдаланышыбыз керек. Ал эми түндүк-түштүк маселесин козгоп жаткандарга мен каршымын. Шайлоо аркылуу болгондон кийин, добушка ылайык, буйрукка ылайык гана чечиле турган маселе. Ушул нерсеге биз көнүшүбүз керек.

— Көпчүлүк Бакыт Төрөбаев айрым депутаттарга 10 миңден 20 миң долларга чейин таратып жатат, артында Курманбек Бакиев турат деген сөздү айтышууда. Бул сөз да бекер жерден чыга калбаса керек, кичине болсо да чындыктын үлүшү бар го…

— Андай сөздөрдү да уктум, ЖМКдан окудум. Бакыт Эргешович, андай деңгээлге түшө турган адам эмес. Эгер чынында ошондой болгон болсо, анда эртедир-кечтир ачыкка чыгат. Канат Кедейканович тууралуу да ошондой ушактар айтылып жатат, Шаки мынча акча, тигинче акча бериптир деп интернет булактарына жазышууда. Мен андай сөздөргө ишенбейм, анын баары тең жалган деп эсептейм.

— Сиз өткөн жумадан бери ортодо чоң соодалашуу болуп жатканын жакшы билесиз. Бул суроодон качпай, бир аз болсо да четин чыгарып айта аласызбы?

— Мен укмуш соодалашуу жүрүп жатат деп айта албайм. Коалициянын ичинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 120 депутат өз мамилелерине жараша сурануулар да болуп жатканын жашырбайбыз. Бул эми адамдык парз дегендей да.

— Кыргызда, “кур аякка бата жүрбөйт” деген кеп бар эмеспи. Жөн эле суранып коюу менен маселе чечилбесин билесиз, ортодо орусча айтканда “интерес” болуш керек, анын үстүнө шайлоодон кийин ачка, жылаңач калган депутаттар да бар, алардын курсагын бир гана акча тойгузат эмеспи…

— Эми ким болсо да 120 депутаттардын баарын акча менен камсыздап коё албайт. Мен бул маселеде өзүм үчүн жооп берейин, башка депутаттар да ушул принципиалдуу маселеде өздөрү үчүн жооп беришсин.

— Төрөбаевдин Бакиев менен азыр да аз-маз мамилеси бар, жердеш катары болсо да. Себеби, Бакыт мырза ага учурунда депутат, министр кылганы үчүн карыздар болуп калган деген сөздөргө ынанымдуу жооп айта аласызбы?

— Мындай сөздөр биз шайлоого аттангандан баштап илээшип келатат. Бул сөздөр боюнча биздин лидер ЖМКга өз оюн ачык айтып келатат. Бакиевдер менен бүгүнкү күндө эч кандай, кыпындай да мамиле да, колдоо дагы жок, колдоо күтпөйт дагы. Кудайга шүгүр, өзүнүн түптөгөн чарбасы, бизнеси бар.

— Төрөбаев “Ак Жолдон” депутат болуп турганда, Каркыраны казактарга добуш берүү менен карматып жиберген депутаттардын катарында болгонун эл жакшы билет. Мунун баары эч качан унутулбайт, эстен чыкпайт дегендей. Бул маселе чынында элге кылган кыянатчылык да?

— Азыр да “Ак Жолдон” депутат болгондор ар бир фракцияда бар деп айтсам жаңылышпайм. Каркыра маселесинин тарыхын терең иликтеп көрүш керек, кандай учурда, кандайча көтөрүлгөн маселе? Бир кездерде дагы да себептери ачыкка чыгып калышы мүмкүн. Ал жерде бир эле Бакыт Эргешович эмес, бир топ адамдар добушун беришкен. Мамлекеттин ички жана тышкы кырдаалына ылайык чечим кабыл алынгандыр.

— Сиз эми ЖКга экинчи ирет депутат болуп келип жатасыз, саясаттан жакшы кабарыңыз бар. Андыктан Каркыра маселесинде мамлекеттин кызыкчылыгы тебеленип калганын жакшы билесиз, анан бул суроого тайсалдабай, ачык эле жооп берсеңиз жакшы болмок.

— Чынын айтсам, Каркыра маселесин ийне-жибине чейин баарын толук билбегенден кийин бир беткей айтуу кыйын. Бул маселеде биринчи кезекте президенттер аралык чечим болгон. Анан өкмөт макулдугун берип, парламент акыркы чекитти койсо керек эле.

— Жумшак рейтингди сиздер абдан каалап турасыздар. Сиздер добуш алууда оппозициялык фракциялар “Республика-Ата Журт” менен “Бир Болго” таянып жана ишенип турасыздар. Чынбы?

— Калп деп айтуу болбос. Үмүтсүз шайтан да. Андыктан биз ишенимди көпчүлүк депутаттардан күтүп жатабыз. Чынында Бакыт Төрөбаевдин аброю күчтүүрөк экен. Көп депутаттардын ага добуш беребиз деген пикирин угуп жатабыз. Баары эле бул күндөр менен бүтүп калбайт да, башка убактарда да саясый кадамдар сөзсүз бар.

Айбек Шамшыкеев