Мирбек Атабеков жана жубайы Мээрим Төлепберген кыздуу болушту. Бул тууралуу ырчы өзүнүн соц баракчасынан кабарлады. Кубанычын жашыра албаган ырчы төмөндөгү билдирүүнү калтырган:
“Аллага миң мертебе шүгур! Достор, сүйүнчү, азыр эле дагы бир кыздуу болдум! Мээрим сага рахмат, абдан жакшы иш жасадың, азаматсың! Кызымдын ысымын, Алла Тааланын сүйүктүү пенделеринен болсун деп, «Сүйүү» деп атадык! Бардык үй-бүлөдө ар дайым сүйүү болсун жана Кыргыздын саны көбөйө берсин!»
Булак: Багыт