Домой Саясат МИРА ЖАНГАРАЧЕВАНЫН ӨМҮРҮНӨ КОРКУНУЧ ЖАРАЛУУДАБЫ?

МИРА ЖАНГАРАЧЕВАНЫН ӨМҮРҮНӨ КОРКУНУЧ ЖАРАЛУУДАБЫ?

56

Коомчулукту дүрбөлөңгө салган  Гапар Айтиев көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда аялдардын укуктарын жактаган 17 күндүк «Феминнале» иш-чарасын уюштуруу жагын милиция иликтеп жатат. 

Музейдин мурдагы жетекчиси Мира Жангарачеванын «коркутуу болду» деген арызынын негизинде да иликтөө жүрүүдө.

Аялдардын укуктарына арналган көргөзмөдө денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял социалдык тармактарда талкууга түшүп, «нарк-насилге доо кетирди» деп нааразылык күчөгөн. Андан тышкары, ич кийим элесиндеги экспонатка сын айтылган. Каршы чыккандар буга кескин чара көрүүнү талап кылышкан.

Ошондон улам, Мира Жангарачева  кызматтан четтетилген.

Булак: Арыба.кж