Домой Экономика Министрлик жыл аягына чейин экономика 3,7 %га чейин өсөрүн болжолдоодо

Министрлик жыл аягына чейин экономика 3,7 %га чейин өсөрүн болжолдоодо

27
 Өлкө экономикасы жыл аягына чейин орто эсеп менен 3,7 пайызга чейин өсөт деп божомолдонууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов өлкөдөгү экономикалык абал боюнча Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.
«Азыр экономиканын өсүү темпи жакшы. Апрель айынан июнга чейин беш пайызды түзсө, июлда бул көрсөткүч 6,3 пайызга жетти. Эгерде баары ушул ыргак менен кетсе жыл соңуна чейин биз төрт пайыздык өсүшкө чыгабыз, азыркы абалды эске алып караганда бул абдан жакшы көрсөткүч», — деди аткаминер.
Аткаминердин айтымында, Кыргызстанда инфляция жыл башынан бери тогуз пайызга жеткен.
«Жыл жыйынтыгында инфляция 14-15 пайыздык деңгээлде болот деп божомолдоп жатабыз. Эл аралык уюмдар биз болжогондон да көп болот деп айтышкан. Анын үстүнө бизде экономика өтө жай өсөт же болбосо бир пайызга төмөндөйт деген ыктымалдуулук бар эле. Ошондуктан менин көз карашымда өкмөт тарабынан кабыл алынган каатчылыкка каршы чаралар жакшы жыйынтык берди», — деди Сейитов.
Ал инфляция бир эле Кыргызстанда өсүп жатпаганын, айрым өлкөлөрдө бул элдик толкундоолорду жаратканын белгиледи.