Домой Коом Министрлик “Кыргызстан өлүм боюнча 1-орунда” деген маалыматка түшүндүрмө берди

Министрлик “Кыргызстан өлүм боюнча 1-орунда” деген маалыматка түшүндүрмө берди

53

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө коронавирустан каза болгондордун статистикасында “дүйнө боюнча 1-орунга чыкты” деген кабарга түшүндүрмө берди. Мекеме буга Кыргызстан коронавирустун статистикасына пневмонияны да кошуп эсептей баштаганы себеп болгонун белгилеп, кийинки жуманын көрсөткүчү жарыяланганда салыштырып көрүү туура болорун айтты.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун күн сайын жаңыланып туруучу Situation Report эсебинде Кыргызстан коронавирустан каза болгон жарандарынын саны боюнча 21-июлда 62-орунду ээлегенин, эгер ар бир миллион адамына карата эсептегенде 30-орунда экенин кошумчалады.

21-июлда New York Times басылмасы Кыргызстан бир апта ичиндеги көрсөткүч боюнча коронавирустан өлгөн жарандарынын саны жагынан 1-орунга чыкканы тууралуу макала жарыялаган.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери 23-июлга карата бул инфекция 30 326 адамга жукту, алардын 16 791и айыгып чыкты, 1 169у каза болду.