Домой Коом Министрлик: Аттуу-баштуу адамдар той-аштарга уруксат берүүнү өтүнүп жатышат

Министрлик: Аттуу-баштуу адамдар той-аштарга уруксат берүүнү өтүнүп жатышат

272

Ошондой эле министрдин орун басарынын айтымында “чоң банкет залдары бар кафе-ресторандардын ассоциациясы тынбай кайрылып жатат”

“Аттуу-баштуу эле адамдарыбыз “Той-ашка кайра уруксат берсеңиздер. Куран окутуу жагдайлары болуп жатат” деп кайрылып жатышат. Бирок ал жерге көпчүлүк чогулат. Буга азыр уруксат бере албай турган кезибиз. Анткени эпидемиологиялык абал, өзгөчө Бишкекте, өтө кооптонууну жаратып жатат”, — деди министрдин орун басары.

“Бүгүнкү жагдай убактылуу чектөөнү алууга мүмкүнчүлүк бербейт”. Үсөнбаев түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнүп, уруксат берүү маселеси коронавирус боюнча абал турукташса гана караларын, азырынча илдет жуккандардын саны өсүү тенденциясында гана экенин белгиледи.