Домой Саясат Министр жолго акча төлөгүлө дейт

Министр жолго акча төлөгүлө дейт

97

Чүй облусундагы айланма жолду акы төлөнүчү жол кылуу сунушу киргизилип жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен кабарлашты.

Министр Жанат Бейшенов акча пайдаланган жолдор жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мамлекеттик органдар менен макулдашылып, өкмөттүн аппаратына сунушталгандыгын билдирген.

Пилоттук негиздеги долбоор катары автоунаа министрлиги Бишкектин   73 чакырымдык — Алматы көчөсүнөн тарта Чым-Коргон айылына чейинки айланма трасса сунушталууда.

«2020-жылдын башында пилоттук долбоордун техникалык-экономикалык негиздерин даярдоо башталат. Мыйзам долбооруна ылайык, акы төлөнө турган жолдор болуп жалпы колдонуудагы, альтернативалык жүрүүгө мүмкүнчүлүгү болгон жолдор эсептелинет», -деди министр.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 6-декабрында Транспорт министринин орун басары Азимжан Жусубалиев 520мин доллар пара алып 14 жылга соттолгон. Ал эми азыркы министр Жанат Бейшенов элге ачык айкын айтып, пара сурап жаткан кезиби..?

fakt.kg