Домой Аналитика Министр күйүүчү майга болгон бааны кантип кармап туруу керектигин айтты

Министр күйүүчү майга болгон бааны кантип кармап туруу керектигин айтты

84

Дүйнөдө мунайдын баасы дагы 20 пайызга өсүшү мүмкүн. Мындай пикирин энергетика жана өнөр жай министри Кубаныч Турдубаев ЖКнын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, январь айынан бери Россиядан Кыргызстанга алып келинген бензин 7-10 сомго, дизель 3,2-4,8 сомго чейин кымбаттады. Ал эми 11-марттан 20-мартка чейин күйүүчү майдын баасы 3-4 пайызга өстү.

«Кымбаттоонун бир себеби — дүйнөдө баалар өсүп жатат. Дүйнөлүк фонддордун божомолуна таяна турган болсок, мунайдын баасы дагы 20 пайызга чейин өсүшү божомолдонууда. Биз кандай чара көрөбүз? Мунайды кайра иштетүү заводун толук кандуу иштетишибиз керек. Аны менен 2 миллион 215 миң тонна мунай иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Азыр Кыргызстандын мунайды керектөөсү 1 миллион 300 миң тоннаны түзөт. Биз калкты, өнөр жай жана айыл чарба тармактарын камсыздай алабыз«, — деди Турдубаев