Домой Саясат Милициянын генералы Зарылбек Рысалиев таластыктарды Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырды

Милициянын генералы Зарылбек Рысалиев таластыктарды Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырды

46

generic viagra cialis package. I28A4857

Сооронбай  Жээнбеков тууралуу айткандан эч тартынбайм, чарчабайм, деп билдирди экс-министр Зарылбек Рысалиев КР президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Талас областынын тургундары менен жолугушуусунда.

Ал белгилегендей, Сооронбай Жээнбеков эли-жеринин көйгөйлөрүнүн баарын жана аны чечүү жолдорун ийне-жибине чейин так билет. “Ооба, баарыбыз тууганчылбыз, кыргызбыз, бирок бүгүнкү күндө бир туунун астында турушубуз, биригишибиз керек.  Аймак-аймак болуп бөлүнбөйлү.  Мен ушуну силерден суранып кетээр элем. Шайлоо күнү жүрөгүбүздү угуп, балдардын келечеги үчүн ушул кишиге добуш берели. Таластыктарда абийир менен намыс  күч. Сооронбай  Жээнбеков таза киши, бир да коррупциялык иштерге аралашкан эмес. Алты жылда бул талапкерибиз коррупция деген түшүнүктү түп-тамыры менен жок кылат. Өзүбүздүн бала да талапкерлердин ичинде, бирок ал бир азырынча жашыраак. Ал эми бул киши бардык талапкерлерден бир топ тажырыйбалуу”, — деп айткан Зарылбек Рысалиев таластыктарды шайлоо баракчасында №9 номер астында келе жаткан Сооронбай Жээнбековго добуштарын берүүгө чакырып өттү.I28A5281

Даярдоочу:  «Айбат Аймак»КФ Токтогул көчөсү 196

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 24.09.2017 ж.I28A5214 (1)