Домой Саясат Милициянын башчысы өлгөн адамдын кунун төлөп, темир тордон кутулду

Милициянын башчысы өлгөн адамдын кунун төлөп, темир тордон кутулду

423

Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков менен болгон жол кырсыгында каза болгон жарандын жакындары доо арызын кайра алышты.

Белгилүү болгондой милициянын башчысы Чойбеков каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө компенцаясын төлөп берген.  Бул тууралуу каза болгон жарандын уулу төмөнкүлөрдү билдирген:

— Мен мурда жазылган арызымда кайтарып алуу боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин Чүй облусундагы башкармалыгына арыз бердим. Менде болгону Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлерине доом бар. Алар Максат Чойбековду өз убагында кармашкан эмес, — дейт Бек Рысбек уулу.