Домой Коом Милицияга каршылык кылгандарга эскертүү катары ок атылды

Милицияга каршылык кылгандарга эскертүү катары ок атылды

54

Эскертүү иретинде Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери асманга ок атканын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы  маалымдады. Маалыматка ылайык, 26-ноябрь күнү Ысык-Ата районунда документ текшерүү максатында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү эки машинени токтотушкан. Анда «автоунаанын айдоочулары ага баш ийбей, токтотпой айдап кетишкен. Артынан кууган милиция кызматкерлери автоунаалардын бирин Киров айылынын аймагында кууп жетип, токтоткон учурда, андагы адамдар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, кол көтөрүшкөн. Милиция кызматкери куралынан асманга ок атууга аргасыз болгон» деп жазылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 23 жаштагы айдоочу кармалганы кабарланды. Качып кеткен экинчи автоунаага издөө жарыяланды.