Домой Саясат Милиция Атамбаевдин үйүн толугу менен курчоого алды

Милиция Атамбаевдин үйүн толугу менен курчоого алды

70
Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн милиция толугу менен курчоого алды. Айрым басылмалар билдиргендей, анын тарапташтары үйдүн сыртына сүрүп чыгарылган.

Кой-Таш айылынан Бишкектин чет жакасындагы Көк-Жар айылына чейинки аралыкта 5 блокпост орнотулду. Анын ар биринде 50дөн 150гө чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлери бар.

Атамбаевди кармоо операциясы кайрадан бүгүн саат 16:00 чамасында башталган.

Эске салсак, Атамбаев буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча 3 жолу суракка чакырылып, үч чакыруудан тең барган эмес. Ошондой эле, Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта ЖКнын кезексиз жыйынында Атамбаев эми оор кылмышка шектүү катары суракка чакырыла тургандыгын баса белгилеген.