Маалыматка ылайык, 18-сентябрь күнү жактоочу Айсалкын Карабаева өзүнүн Фейсбук баракчасына «өз кызына кордук көрсөткөн милиция кызматери жоопко тартылбай жатат. Бул тууралуу наристенин апасы арызданууда» деп жазып чыккан. Бул билдирүүдөн кийин, Ош ОИИБинин жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Анда 31-май күнү Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнө 30 жаштагы О.Т аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 31-май күнү саат 10:00 чамасында Кара-Суу районунун Мады айылында жолдошу Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаасынан 2 жашар кызы А.А.ны эч себепсиз уруп, денесине жараат келтиргендигин билдирген. Ошондой эле жолдошуна карата чара көрүүнү суранган. Бул факты Кара-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «денеге залал келтирүү» беренеси менен катталган.
«Тергөө учурунда кыздын атасы М.А. Кара-Суу РИИБинде иштегени такталган. Ал ошол окуя катталган күнү үй-бүлөлүк шартына байланыштуу өз арызы менен кызматын тапшырган. Ал үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам ачууга алдырып, ушундай окуя болуп кеткенин айтып берген. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары аяктап, сотко жөнөтүлүү алдында турат», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Булак: Супер кж