Домой Экономика Мигранттар 9 айда 2 млрд. долларга жакын которушту

Мигранттар 9 айда 2 млрд. долларга жакын которушту

54

Улуттук банктын маалыматы боюнча  2020-жылдын 9 айында чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар өз өлкөсүнө 1,955 млрд. доллар которушкан. Бул былтыркы тогуз айлык көрсөткүчкө караганда 45,5 млн. долларга аз.
Которулган акчанын 97,9% же 1, 914 88 млрд. доллар Орусиядан которулган. АКШдагы кыргызстандыктар 18,39 млн. доллар которушкан. Башка мамлекеттерден 14,64 млн. доллар келген.

Улуттук банктын маалыматына караганда октябрь айында өлкөдөн сыртта жүргөн кыргызстандыктар 226,2 млн. доллар которгон.

2019-жылы Кыргызстанга жалпы 2, 406 млрд. доллар которулуп келсе, 554 млн. доллар сыртка чыгарылган