Домой Коом Мигранттар 6 айда 600 млн доллардан көп акча которушту

Мигранттар 6 айда 600 млн доллардан көп акча которушту

166

 

xerograx para que sirve. images2017-жылдын башынан бери чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мигранттарКыргызстанга которгон акча 605 миллион долларды түздү.  Мигранттардын быйыл которгон каражаты өткөн жылга караганда 146 миллион долларга көп. Былтыр бул көрсөткүч 445 миллион доллар болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев быйылкы жылдын жарымында аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанга тыштан которулган акчанын 90 пайызга жакыны Орусиядан келет. Дүйнөлүк банк буга чейин чет жактагы мигранттардан келген каражат Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 30 пайыздай бөлүгүнө барабардыгын билдирген.