Домой Саясат Мэрликти мээлеп, бирок министр болуп калыптыр

Мэрликти мээлеп, бирок министр болуп калыптыр

48

Билим берүү министрлигине Ош мамлекеттик университетин гүлдөткөн Каныбек Исаков деген келе жатат деп кол чаап кубанып кудуңдашкан эле. Тилекке каршы министр болуп келээри менен 23 жаштагы мугалимге билим берүүнүн отличнигин бере коём деп коомчулуктун тепкисинде калды.

Ошондой эле мектеп, бакчаларда фонд деп акча чогултулбасын деген буйругу кез жаздымда эле калды. Чыгарган буйругун көзөмөлдөй алышпай жатканы окүнүчтүү болууда. Билим берүү уяларында тыйын-тыпыр мурдагыдай эле чогултулуп жатат. Ар бир райондогу билим берүү башкармалыктарынын эзели кетпеген башчыларын, көп жыл бир мектепте директор болуп отургандарды иштен алып же алмаштырып ротациялоо иштерин дароо башташ керек эле.

Тилекке каршы бул багытта да жаңылык болчудай эмес. Исаков эми пиар менен алектенбей иш менен көрсөтүш керек. Биздин угушубузга караганда Исаков министрлик креслону анчейин деле каалаган эмес окшойт. Бул жигиттин көздөгөнү Ош шаарынын мэрлиги болуп жүрүптүр….

Булак: Ачык саясат