Мэр Эмилбек Абдыкадыров жаңы кеңешчи дайындады
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Мурат Осмоновду кеңешчи кылып дайындады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, буга чейин ал Улуттук статистика комитетине караштуу «Интеллектуалдык маалыматтар борбору» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп иштеген. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Скопируйте и вставьте этот URL на ваш сайт под управлением WordPress
Скопируйте и вставьте этот код на ваш сайт