Домой Азил Мэр Албек Ибраимовдун мактанычы

Мэр Албек Ибраимовдун мактанычы

67

Албек Ибраимов

Мэр теледен мактанып жатат:
— Шаарыбызда элдин жашоосу күндөн — күнгө жакшырып баратат. Орточо эсеп менен алганда ар бир үй-бүлөгө бирден унаа туура келет! Мисалы, биздин чакан подъездде эле 6 квартира болсо, аларда 7 автомашина бар!
Муну угуп турган анын коңшусу:
— Атаңдын оозун урайын! Ал 7 машиненин үчөөсү өзүнүкү, экөөсү аялыныкы, экөөсү гана башка адамдардыкы, – деген экен.