Калк ичинде, коомчулукта буга чейин айтылып жүрчү “менин милициям, мени коргойт” сөзү “мени кордойт” болуп алмашылып калды. Дегенибиз, ИИМ кызматкерлеринин жарандарга жасаган мамилеси, көрсөткөн кордуктары акыркы күндөрү чектен чыкты.
Албетте, баары дей албайбыз. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей,айрым кумалактардын айынан ИИМдин бетине көө жабылууда.Сөзүбүз куру болбос үчүн дал ил келтирели. 1-ноябрь түнү Кемин районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылат. Арызда ал жаранды Гавайи кафесинен эки милиция кызматкери ур-тепкиге алганы жазылат. Арыз боюнча “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка тиешелүүлөр аныкталды. Алар Токмок шаардык убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери 45 жаштагы У.А. жана 25 жаштагы С.Э. экен. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза дайындалууда. Иш башкы прокуратурага өтүү алдында турат.
Булак: Факты кж
Булак: Факты.кж