Домой Коом «Мени менен ойноп, ыраазы кылсаң…»: Ат-Башыдагы келинди токойго чакырган кошунанын жоругу

«Мени менен ойноп, ыраазы кылсаң…»: Ат-Башыдагы келинди токойго чакырган кошунанын жоругу

195

Нарын шаардык соту Жазык кодексинин 163-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) менен айыпталган Мараттын (аты өзгөртүлдү, О.М.Ө.) жазык ишин карап, өкүм кабыл алды. Ал 12-ноябрда чыкты.

Марат Ат-Башы районунун тургуну, дыйкан чарбанын мүчөсү, 5 баланын атасы. Билими орто, мурда соттолгон эмес.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Марат 2020-жылы 10-август күнү саат 21:00 чамасында Ат-Башы районунун тургуну Шарапатка (аты өзгөртүлдү, М.к.Ж.) телефон аркылуу «бир күнү менин койнумда жатып ыраазы кылсаң, сураган жер тууралуу көрсөтмөмдү жазып берейин» деп айткан. Андан кийин жабырлануучунун жерге болгон көз карандылыгын пайдаланып, 11-августта саат 06:45те кайрадан телефонуна чалып: «Сен алдап кеттиң. Ат-Башыга кел. Экөөбүз Ат-Башынын токоюна барып, эки күн кучакташып жаталы. Ыраазы кылсаң, жер тууралуу көрсөтмө берем» деп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган.

Соттук отурумда жабырлануучу буларга токтолду: Шарапат мурунку жолдошу Тайыр (аты өзгөртүлдү, Р.К.) менен 2017-жылы Мараттан жер сатып алышкан. Андан кийин жолдошу менен ажырашып, жер талашка түшкөн. 2020-жылы 9-августта Шарапат апасы менен чогуу Маратка барып, жердин жарым акчасын өзү төлөгөнү, аны сатып алганда жолдошу менен кошо келгени жөнүндө тил кат жазып берүүнү суранган. Ошондо айыпталуучу «өзүм чалам» деп телефон номурун жазып калган. Андан кийин «Ат-Башыга келесиңби?» деп чалган. Анын эртеси күнү да телефон чалып, «тамак ичпейлиби» деген. Ошол эле күнү кечинде кайра телефон чалып: «Сага жардам берем. Мени менен 2 күн ойноп-күл. Мени ыраазы кыл» деп айтып, кайра «мени менен жатасың. Үйгө барабыз. Үйдү бекитип алабыз. Экөөбүз кучакташып жатабыз. Анан эртең менен сени таксиге салып жиберем. Эч кимге көрсөтпөйм» деген. Эртеси эртең менен саат 06:45 чамасында кайра чалып, «эмне үчүн кечинде телефонуңду албай койдуң? Анда бүгүн Ат-Башынын токоюна барып, мени ыраазы кыл. Ыраазы кылсаң, жазып берем» деп айткан.

Соттук отурумда айыпталуучу Марат буларга токтолду: 2020-жылдын 9-августунда үйүндө отурса Шарапат апасы менен барып, жер боюнча тил кат жазып бер деген. Айыпталуучу жабырлануучунун мурунку жолдошунун кошунасы болгондуктан анын ата-энесин чакырган. Алар келгенде жабырлануучу менен урушуп кетишкен. Андан кийин жабырлануучу Шарапат менен телефон аркылуу сүйлөшүп, мастыгынын айынан жогорудагы сөздөрдү айткан.

Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурады.

Соттук отурумда күбө Тайыр жабырлануучу мурунку аялы экенин билдирди. Ошондой эле телефондогу аудиону укканын, экөөнүн кимиси жолугушууга чакырганы белгисиз экенин айткан.

Марат Жазык кодексинин 163-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) менен күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Жазык кодексинин 83-беренесинин (Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде жаза өтөөдөн бошотулуп, пробациялык көзөмөл колдонулуп, 1 жылга чейинки мөөнөт белгиленди.

http://www.turmush.kg/