Домой Коом Менчик мектептерге окуу акысын азайтуу сунушталды

Менчик мектептерге окуу акысын азайтуу сунушталды

87

«Министрлик бир жагынан коронавируска байланыштуу карантинде, кирешесиз калган ата-энелердин, экинчи жагынан ишмердүүлүгү окутуудан түшкөн каражатка байланышкан жеке менчик мектептердин абалын түшүнүп турат. Бирок ошентсе да сабактар дистанттык түрдө өтүлүп жаткандыктан, жеке менчик билим берүү уюмдарында окуучулардын тамак-ашына, канцелярдык товарларга жана коммуналдык төлөмдөргө жумшалуучу каражаттарга кетүүчү чыгымдарды окутуу акысынан кыскартууну сунуш кылат», — деп билдирди Акылбек Орозматов.

Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерди жана жеке менчик мектептердин жетекчилерин өз ара сүйлөшүп, эки тарапты тең канааттандырган ийкемдүү келишимге жетишүүгө үндөөдө.

Кыргызстанда 100дөй жеке менчик мектеп бар. Аларына окуу акысы айына 10 миң сомдон тартып 100 миң сомго чейин барат.

Булак: Азаттык