Саналуу күндөрдөн кийин 17 — ноябрь күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот 5 -жыл убакытты уттурбай, бүгүнкү тандоодон жаңылып калбайлы. Эл үчүн жанын сабап иштеген татыктуу талапкерлерди колдоп, шайлап алалы. Касиев Майрамбек шайлоого Бишкек шаардык кеңешине талапкер болуп » Эмгек » саясий партиясынан аттанганын угуп абдан кубандым.
Себеби, жаш десе жаш, билим десе билим, иш тажрыйбасы мол, коррупцияга аралашпаган таза инсан. Ак иштерин башкаларга окшоп жар салбай эле акырын жасап жүргөнүн жакындан билем. Майрамбек мырза айрыкча билим жаатына көп көңүл бөлүп, билимге ынтызар балдарга такай колдоо көрсөтүп келет. Бир нече жолу чогуу барып билимдүү жаштарды колдогонун көрүп ыраазы болуп келгеним бар.
Албетте, келечек билимдүү жаштардын колунда эмеспи, билимдүүлөрдү колдоп алалы. Майрамбек мырза мен билгенден мамлекеттик салык кызматында 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп ийгиликтерин көрсөткөн жигит.
Ойду-тоону убада кылган эмес, иши менен далилдеген инсан !
Чоң ийгилик Алла Тааламан, майда ийгиликтер эмгектен келет эмеспи. Адамды бай кылган анын жүрөгү дейт. Майрамбек мырзанын муштумдай жүрөгү эл- жер деп согуп турушуна тилектешмин досуң Жаныбек Капаров
Биздин тандоо «Эмгек » партиясы номер 4 !
«Эмгек» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жокоева Ж.Ж тарабынан төлөндү.