Биздин колубузда быйылкы жылдын башталышы менен окурмандардын колуна тийген — “Өмүр элестери” аталыштагы капиталдык көлөмдүү үч томдук турат. Анын автору — белгилүү коомдук жана саясий ишмер, КРнын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер, Апрель элдик революциясынын баатыры, өлкөбүздүн экономикасы менен маданиятынын өнүгүп-өсүшүнө, эмгекчилерди идеялык жактан тарбиялоого өзүнүн жекече чоң салымын кошкон — Ильяс Жусубалиев. Чыгарманын көлөмү жалпысынан 110 басма табакты түзүп, анын ар бир томунун туура 1 миң даана нуска менен жарык көрүшүн – биз, атамекендик мемуардык адабиятыбызга кошулган ири салымдын бири катары кабыл алышыбыз абзел. Аталган китептердин калың мукаба, сапаттуу кагаз менен басылып, бай фотосүрөттөрдүн, статистикалык маалыматтардын, кооз иллюстрациялардын коштоосу менен жабдылып, кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөнүн белгилеп кетүүгө тийишпиз.
Аталган эмгектин кандай максат менен, кантип жана канча убакыттын аралыгында жаралгандыгын билүү үчүн авторго кайрылганыбызда, ал бизге:
— Ымандай сырымды айтсам, ушундай бир эскерүү китепти жазып чыксам деген чоң максат мени көптөгөн жылдар бою, өзүм жигердүү эмгектенип жүргөн кезде да, кийинки, ардактуу эс алууга чыккан чагымда да, тынымсыз ойлонтуп жүрдү. Анын болжолдуу идеясын, темасын, мазмуну менен тулу-турпатын алда нече сапар ой элегимден өткөргөндөн кийин, өзүм баштатан бери эле аз-аздап топтоп жүргөн материалдарды зарыл болгон көптөгөн архивдик маалыматтар менен толуктап, акыр түбү китепти жазууга кириштим. Мен ар кайсы мезгилдерде, ар кыл: комсомолдук, партиялык, советтик, мамлекеттик жана өндүрүштүк жооптуу кызматтарда бирге иштешкен аттуу-баштуу кесиптештерим, эмгектин ардагерлери, жердештерим менен кенен-чонон кеңешип, алардын пайдалуу сунуштарын, эскерүүлөрүн, менин темама байланыштуу болгон бөлөк басма, адабий булактарды да эске алдым. Бул эмгегимди жаратууга баш-аягы болуп, төрт жылга чамалаш убактымды сарптаптырмын, — деген жообун кайтарды.
“Өмүр элестеринин” биринчи тому автордун киндик каны тамган, балалыгы өтүп, эс тарткан, алгачкы сапар мектептин астанасын аттап, билим-жуурат алган айтылуу Алай жергесине, анын атактуу адамдарына, улуу инсан Курманжан датканын 180 жылдык мааракелик салтанатынын мыкты уюштурулуп, эл аралык деңгээлде өткөрүлгөндүгүнө арналган.
Экинчи том — кыргыз улутубуздун уңгулуу уулу, бүткүлсоюздук даражадагы көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук саясий ишмер — Султан Ибраимовдун өтөлгөлүү өмүрүн, кайталангыс инсан, улуу жетекчи, уюштургуч жана тарбиячы — Исхак Раззаковдун басып өткөн бараандуу эмгек жолу жана атайы уюштурулган куугунтуктоого жок жеринен кабылышынын ички себептери менен кыймылдаткыч күчтөрү даана далилдер аркылуу туура чечмеленип берилген.
Китептин үчүнчү бөлүгү — өзү анын партиялык комитетинин 1-катчысы болуп татыктуу эмгектенип, өсүп-өнүгүшүнө чоң салымын кошкон Кызыл-Кыя шаарына, анын көп улуттуу, ынтымактуу эмгекчил калкына; өз учурунда республиканын мамлекеттүүлүгүн чыңдап, анын экономикасы, маданияты, социалдык тармагынын өнүгүшүнө чоң эмгек сиңирген таанымал ишмерлердин таржымалдарына арналган. Булардан тышкары, анда айлана-чөйрөнү коргоо, анын экологиялык абалын жакшыртуу, токой чарба тармагын өстүрүү сыяктуу маселелер да кеңири чагылдырылып, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактары менен ордолуу Оштун ардагерлер уюмдарынын учурда жүргүзүп жаткан пайдалуу ишмердигине да талдоо жүргүзүлгөн.
Бул китептен биз элибиздин сыймыгына айланган залкарлар: Т.Кулатов, Б.Мамбетов, Т.Усубалиев, А.Сүйүмбаев, Т.Кошоев, А.Масалиев, К.Кондучалова, С.Бегматова, М.Сыдыков, Н.Исанов, Э.Абакиров, И.Касендеев, Р.Кульматов, Ж.Аманбаев, ошондой эле, В.Макаренко, П.Ходос ж.б. ондогон инсандар жөнүндөгү жандуу эскерүүлөрдү окуй алабыз. Бул, биздин баамыбызда, үч томдуктун эң башкы ийгилиги жана артыкчылыгы болуп эсептелет. Жыйынтыктап айтканда, бул үч томдукту биз, талашсыз түрдө, мемуардык-документалдык даректүү адабиятыбызга кошулган ири салым катары кабыл алына турган илимий эмгек экендигин бөтөнчө белгилеп кеткенибиз оң болмок.
Президентибиз А.Атамбаевдин расмий Жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланышынын өңүтүнөн алып караганда, И.Жусубалиевдин бул баалуу эмгегин ушул маанилүү маселеге арналган таасирдүү саамалыктын бири деп кабыл алсак, туура болот го деген ниеттебиз.
Тилектеш Ишемкулов,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер