Домой Саясат Мелисбек Мырзакматовдун өткөнү менен эмкиси

Мелисбек Мырзакматовдун өткөнү менен эмкиси

113

Ош шаарынын мэри болуп турганда өзүнүн кошоматчылары аркылуу «арстан, шер» аталып, өз оозу менен «Ош шаарынын кожоюну» болуп алган.

Мелисбек Мырзакматов

Мелис Мырзакматов да эки жылдан ашуун убакыттан бери Маскөөдө жаш токолу менен эркелешип жүргөнүн жакшы билебиз.

К. Бакиевдин маалында анын коюн-колтугуна кирип жүрүп, мурда эч кандай мамлекеттик кызматта иштеген тажрыйбасы жоктугуна карабай Кыргызстандын экинчи борбору аталган Ош шаарынын мэри болуп калган. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин да бир топ убакытка чейин борбордук бийликке баш ийгиси келбей, Ошту өзүнчө бөлүп ала тургандай чамынып жүрдү. Иш жасагандан көрө көбүрөөк пиар жасоону сүйөөрүн да көрсөттү. Республикалык бюджеттен которулган акчаларга жалаң эстеликтерди тургузуп, «Көрдүңөрбү, мен Бишкектеги эстеликтен да чоңураак эстелик тургузуп койдум» деп төш какса жанына тура албай калдык.

«Мен Орто Азияда жок эстакадалык көпүрө курам» деп Ош шаарынын борборундагы Навои көчөсүн бузуп салып, шаардыктарды автотыгын азабына салган. Бул көпүрөнү казынасында жетишээрлик каражаты жок эле баштап алып, узак убакытка көчө бузулган боюнча жатканын да айта кетели. Акыры мына ушул иштеринен толтура мыйзам бузуулар, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануулар билинип, кылмыш иши козголгондо баягы «арстан, шер» мышыкка айланып, Москваны көздөй зуу койгон. Ошондон бери зериккенде Кызыл-Аянтка барып Ленинге окшош киши менен сүрөткө түшүп коюп жашап келаткан. Мына ошол эрен дагы Садыр Жапаровдун артынан Кыргызстанга келем деп чамынып туру дешет. Келсин, эч ким аны келбесин дебейт, бирок Кыргызстанга келип, тынч жаткан элибизди будуң-чаңга салыш үчүн эмес, өзүнүн кетирген катачылыктарын оңдоо үчүн, ага карата тагылып жаткан айыптарга мыйзам алдында жооп бериш үчүн келсин. Эгерде ак болсо, таза болсо, анда сот аны актайт. Кыңыр иштери далилденсе, анда мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет.

 

Мырзакматов кандайча мэр болду эле?

Кепти мына ушундан баштайлы. Мурда эч кандай мамлекеттик кызматта иштебей, Мадумаров айтмакчы «базарком» болуп жүрүп эле, ал К. Бакиевдин маалында түзүлгөн (2007-жылы) «Ак жол» партиясы аркылуу парламентке келген болчу. Ал бул партиянын тизмесинде экинчи ондукка Жаныш Бакиевдин жардамы аркылуу келген. Адегенде аны партиянын тизмесине киргизип, кайра сызып да салышкан. Бул окуяны жакшы билгендер «Мырзакматов акчаны жакшы берген болушу керек» деп айтып калышат. Экинчи ирет гана тизмеге кирген соң парламентке келген.

Ошентип парламентке келип алган соң, М. Мырзакматов депутаттар эмнени сүйлөшү керектигин, кандай маселе көтөрүшү зарылдыгын да түшүнө албай койгон. Ошол эле убакта Бишкек шаарында да жашай албай тургандыгын жакын санаалаштарына кыйытып айтып, «көнө албай жатам» деп көп ыйлактачу дешет. Натыйжада ал Ош шаарына мэр болууга чуркай баштайт. Бул максатын жүзөгө ашыруу үчүн ал адегенде ошол убакта экинчи борборубузда мэр болуп иштеп турган Жумадыл Исаков тууралуу ушак-имиштерди чыгарып, жайылта баштайт. «Ж. Исаков алкаш экен, ал шаар үчүн эч нерсе жасай албайт» деген ушактар кеңири жайылат. Албетте, мындай ушактарды өзү жайылтпайт, анын тааныштары, ЖОЖдордогу мугалимдер аркылуу жайылтат. Ошолордун колу менен ал убактагы президент К. Бакиевге тынымсыз каттарды жаздырып турат. Анын чыгарган акыркы имиштеринин бири мындай болгон: «Ж. Исаков корпоративде отуруп катуу ичип алып, стол үстүндөгү дасторконду айрып, «Мен Ош шаарынын кожоюнумун, бул жерде бардыгы мен каалагандай болот» деп кыйкырды» деген. Кыязы бир убакта ушундай эле сөздөрдү өз оозу менен өзүнүн атынан кыйкырып каларын анда билбесе керек.

Акыры 2009-жылдын башында Ж. Исаков кызматынан бошотулат. Ошондон тартып М. Мырзакматов чөнтөгүнө 130 миң долларды салып алып, Бишкекке келип Жаныш Бакиевдин артынан калбай чуркайт. Акыры ага ошол акчаны «ийгиликтүү» берет, ага кошуп Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын боюндагы баасы 300 миң долларлык хансарайын берет. Андан сырткары Таатан базарынын бир бөлүгүн, облпотребсоюздун 2 гектарга жакын жер тилкесин белек кылат. Мына ушул белектердин баары Ж. Бакиевдин карамагына өткөндөн кийин Мырзакматов Ош шаарына мэр болуп бекийт.

Демек, мына ушунча мүлктөрдү, каражатты чачып мэр болгон адам таза иштеши мүмкүн беле? Ал ошол короткон каражаттарын кайрадан толуктап, анан өзүнө дагы пайда көрүү үчүн гана жүгүрүп калат эмеспи? Аны Мырзакматовдун кийинки ишмердүүлүгү ачык тастыктап турат.

 

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу же мыйзамсыз өткөн тендерлер

М. Мырзакматов 2014-жылдын январында өткөн мэр шайлоодо жеңилүү ызаасын тартат. Ошондон кийин Башкы прокуратура экс-мэрге Оштогу Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнү курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир катар мыйзамдарды бузган деген айып таккан. Эске сала кетсек, ошол убакта Баш прокурор азыркы «атамекенчи» Аида Салянова болгон. Мырзакматовдун тарапкерлери буга «саясий куугунтук» деп баа беришкен. Бирок, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Салянова менен Мырзакматов «Ата-Мекен» партиясынын тизмесинде катар туруп калышканын кантип унутабыз?

2014-жылдын 27-ноябрында Мелис Мырзакматовго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык козголгон кылмыш иштин негизинде, Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган.

Прокуратуранын жүйөсүндө Мырзакматовдун буйругу менен 2013-жылы эки жолу мыйзамсыз тендер өткөрүлгөн. Анын негизинде мамлекет 27 млн. сомдон ашык зыян тартканын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирген болчу. Аталган маалымат кызматынын билдиришинче Мырзакматов тарабынан Ошто курулуучу чоң көпүрөнүн техникалык-экономикалык негиздемеси жана долбоору жок эле каражат бөлүнгөн.

Ага чейин Ош шаардык прокуратурасы эстакада көпүрөсү боюнча кылмыш ишинен кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысын өзүнчө бөлүп, экс-мэрдин жоопкерчилиги боюнча өзүнчө кылмыш ишин ачканын айта кетели. Тергөө эстакада көпүрөнүн техника-экономикалык негиздемеси жок, каржы булагы көрсөтүлбөстөн курулуш башталганын аныктаган. Бирок кылмыш иши факты боюнча козголгондуктан, Мырзакматов фигурант катары аталган эмес эле. Анын үстүнө ошол убакта Мелис мырза куйругун түйгөн боюнча Москвага качып кеткен.

 

Майда-барат мыйзам бузуулар чогулганда миллионго айланат

Эсептөө палатасы 2013-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча Жалал-Абад жана Баткен облусу, Ош шаардык акимиятына аудиттик текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында Ош мэриясында бир катар финансылык мыйзам бузуулар табылган. Эсептөө палатасынын басма-сөз кызматынын ошол убакта берген маалыматына таянсак, мэрия кызматкерленинин компьютерде иштегендеги тарткан зыяны үчүн кошумча 599,4 миң сом негизсиз төлөнгөн. Ошондой эле 305 миң 100 сом максатсыз жумшалып, юридикалык тарапка кызмат көрсөтпөгөнү үчүн эле 380,6 миң сом төлөнгөнү текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган болчу.

Ал эми «Ош Тазалык» муниципиалдык ишканасы 10 жылдан ашуун убакыт колдонулган унааны сатып албоо тууралуу өкмөттүн токтомун уруп ойнобой, 1996-жылкы «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү машанны сатып алганы, иш сапарлары үчүн ишкана жетекчилигине 41,3 миң сом чегерилгени да аныкталган. Ошондой эле 606 миң сомдук абтобекеттердин курулушу аягына чыкпай калган. Капиталдык курулуш башкармалыгы 1 млн. 789,2 миң сомду максатсыз пайдаланган.

Аталган мыйзам бузуулар 2013-жылы, Мелис Мырзакматов мэр болуп турган кезинде жасалган. «Ош Тазалык» ишканасынын жетекчилиги, капиталдык курулуш башкармалыгы Мырзакматовдун макулдугусуз өздөрү билип мындай мыйзамсыз кадамдарга барышпаса керек эле. Башчысы кандай болсо, калганы ага карап түздөнөт эмеспи?

 

Мырзакматовдун качкын жана саткын экенин анын тарапташтары да түшүнүп калган

Мелис Мырзакматов кайсыл жерде болбосун дайыма жоон топ кошоматчылардын коштоосунда жүргөндү жактырчу. Бирок, алардын арасында чындап эле ага ишенип, таза иштеп жатат деген пикирдегилери да болгонун жашыра албайбыз. Бирок, Мелис мырзанын өзүм билемдигин, өз көмөчүнө гана күл тарткан «таланты» бардыгын ал Москвага качып кеткенден кийин гана айрым тарапташтары ачык билишип, көңүлдөрү калганын жашырбай айтып чыгышкан болчу. .

Мисалы Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров 2015-жылдын 1-октябрында өзү жашаган үйүнүн дарбазасына Мелис Мырзакматовдун сүрөтүн илип «Сен качкынсың!» деген жазууну бадырайта жазган болчу. Анан «Азаттык» радиосу аркылуу буга чейин Мырзакматовду ачык эле колдоого алып келгени туура эмес болуп калганын моюнга алып, жалпы элден кечирим да сураган.

Мындай кадамы менен ал Мырзакматовдун чындап эле коррупционер болгондугуна көзү жеткендей болгон. Себеби ал ушул эле кадамдары менен чектелип калбастан Мелис мырзанын «Сен качкынсың!» деген жазуусу бар сүрөтүн «Улуттар биримдиги» партиясынын штабынын алдында өрттөөгө, андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Жогорку Кеңештин имаратынын сыртына илүүгө катуу даярдык көрүп жатканы ошол убакта угулган болчу. Абдылда Капаровдон сырткары да бир топ тарапташтары ошол күндөн тарта Мырзакматовдон жүздөрүн үйрүшкөн.

Себеби, 2010-жылдагы июнь коогалаңында Мырзакматов «Өзбекстандан аскерлер Ошко бастырып кирет экен» деген имишти угуп алып, түн ката үй-бүлөсүн алып качканы, анан качып баратып автоунаасы менен чуңкурга түшүп кетип чыга албай калганы, ал жерден аны кайра аттуу-баштуу аксакалдар барып чыгарып келишкени, «Сен деген шаар башчысысың, анан сен коркуп качсаң, калган эл кайда барат?»» деген суроону кабыргасынан коюшканы эл ичинде кеңири жайылган.

Мына ушундай таржымалы бар Мырзакматов эми кайрадан Кыргызстанга кайтып келип, өлкөбүздүн тынчтыгын бузуп, башаламандык салгысы келип туру. Буга элибиз жол береби?!

Жекшенбек Абдысатаров