Домой Коом Мелис Тургунбаев министр кызматына дайындады

Мелис Тургунбаев министр кызматына дайындады

30

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды.

16-мартта Жогорку Кеңеш Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин талкуулап, колдогон. Ага чейин парламенттин тармактык комитети караган. Ал 15-марттан бери экология министринин милдеттерин аткарып жаткан.

Мелис Тургунбаев «Кыргызмунайгаз» ААКынын башкы башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган. Экономика илимдеринин доктору, ошондой эле Эл аралык кесипкөй директорлор ассоциациясынын мүчөсү.