Мексика Тажикстанга президенттик Boeing 787 учагын 92 миллион долларга сатты. Бул каражат ооруканаларды курууга жумшалат, деп билдирди Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор.
«Мен Мексиканын элине бүгүн президенттик учакты сатуу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирем. Тажикстандын өкмөтү 1 658 684 400 песо (92 миллион доллардан ашык) которду… Бул акча эки ооруканага жумшалат», — деп жазды өлкө президенти Твиттердеги баракчасына.
AP News агенттигинин маалыматына ылайык, Лопес Обрадор 2018-жылдын 1-декабрында кызматка киришкенде президенттик учакты колдонуудан баш тартып, аны өтө кымбат деп эсептеген. Президент көбүнчө коммерциялык каттамдар менен жүрөт.
Дээрлик 4,5 жыл бою Обрадор өзүнүн атайын учагын сатууга аракет кылган, бирок алуучулар болгон эмес.
Маалыматтарга караганда, учак мурдагы президент Энрике Пенья Ньето үчүн 200 миллион долларга сатылып алынган.
Учакта 80 кишиге ылайыкталган жана жеке ваннасы бар толук кандуу президенттик люкс бар.
Обрадор учакты кадимки 300 жүргүнчүсү бар учакка айландырууну каалаган, бирок эксперттер бул абдан кымбат болорун айтышкан.