Домой Саясат “Мекеним Кыргызстанга” тең келчүлөр барбы?

“Мекеним Кыргызстанга” тең келчүлөр барбы?

65

Ушул суроонун жообун түз эле айтып коелу? Учурда бул партиянын деңгээлине тең келчүлөр жокко эсе. Эмне үчүн? Анткени кайсыл партияда каражат мол болсо ошол партиянын ити чөп эмес көмүргө бышырылган шишкебек жээри маалым. Демек, айтылган сөз атылган ок –экенинде калет жок. Кээ бири билип сүйлөйт, айрымдары болжоп айтат дегендин да маңызы бар. Жөн жерден эле каңырыштар жомокко айланбайт.

Ооба, бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештерге “атака” башталганына бир жумага чукулдады. 22 шайлоого аттанган партиялардын ичинен бараандуусу “Мекеним Кыргызстан” экени айдан ачык. Мурдагыдай КСДП, “Республика” партиялары бул ирет тим отуруп беришти. Лидер жок болсо ким мыңкылдайт эле? Тигил “лилипут” партиялар баары бир чаңда калат мандатка ээ болбой. Көмүскөдөгү эмес ачыктагы Раим пашанын ушул партиясынын дүбүртү кийинки жылдарда катуулады. Кайсыл шаардагы, же айыдардагы Кеңеш болбосун депутаттары бар экени ырас. Капчыгында пулу бар, куржунунда азыгы бар, оозунда оту бар партиянын дымагы күчтүү болорун кимибиз тана алабыз? Демек, разминкадан бул партия “ийгиликтүү” өтүп, утушка жетишээри калетсиз. Саясаттын алчы, таасын жеп калган Алмамбет Шыкмаматов бекеринен “дасторконун” кенен жайбагандыр? Ал тургай “үч тамга” билбеген маалыматтар менде сакталуу деп коркпой айткан соң бир билгени бардыр да. Калганын 12-апрель күнү кечинде билебиз, чыйпылыктабай күтө тургула, макулбу!

Булак: Ачык сөз