“Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев эркек болуп калып, абийири жабылып отурат. Аял болсо алапайын таппай калат беле?.. Дегенибиз, “Алга, Кыргызстан”, “Туран”, “Ар-намыс”, “Замандаш”, «Кыргызстан», “Ата Мекен” партияларын багындырган Каныбек Иманалиев эми “Мекеним Кыргызстанга” келип конду. Бул саам ырым кылып, Токтосун Иманалиев деп тергеп коелу. Ушул партия менен токтосун да, а болбосо коомчулукка “саясый сойкулуктун” үлгүсүн көрсөтүп, терс энергиясын чачууда. Адатта “Мекеним Кыргызстандагылар” деле Токтосун Иманалиевди жактырып жаткан жери жок, тек гана таасирдүү буйруктун негизинде киргени маалым. Болгону ал жол тапкыч, тили бал, жыланды ийинден чыгарчудай жылуу сүйлөйт, магдыратып коет, ошого баары алданышууда. Качан көзүбүз ачылат?..
Булак: Aryba.kg