КыргызРеспубликасынын
Президенти order phenagan on line .
С.Ш.Жээнбековго
Урматтуу Сооронбай Шарипович,
Мындан эки күн мурун социалдык тармак аркылуу «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин төрагасы А. Сагындыковдун, теӊ төрайымы
Н. Айдабосунованын Сизге жолдогон кайрылуусун көрүп 2010-жылдын
7-апрелинде курманболгон эр азаматтардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атынан аталган кайрылуудагы даттанууга жоопберүүнү тура көрдүк. Себеби булл кайрылууда биздин атыбызды жамынып калпты жазып чыгышкан. Мындай иш аракеттеринен улам карап отура алган жокпуз.
Баарыбызга белгилүү болгондой 2010-жылдын 7-апрелинде карапайым эл бийликке каршы чыгып алардын арасынан 87 эр азамат атылган октон өмүрүн аябастан «элим», «жерим» деп курман болуп, өлкөбүзгө бүгүнкү күндө элдик бийлик орнотуп, жаркын келечек үчүн бул дүйнө менен кош айтышкан. Албетте курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн бул жоготуу унутулгус оор азап болду. Курман болгондордун артында жашын төгүп жалгыз уулунан ажыраган энелери, атасыз балдары жана жесир болуп жубайлары калды. Бул каргашалуу окуядан кийин 2010-жылы курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн башы бириктирилип «Мекен шейиттери» коомдук бирикмеси түзүлүп коомдун төрагасы катары А. Сагындыковду шайлап алганбыз. Курман болгондордун үй-бүлөлөрү карапайым болгондуктан «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинде төрагалык кылган А.Сагындыковго аны менен бирге иш алып барган коомдун теӊтөрайымы Н. Айдабосуновага болгон биздин ишеничибиз чоӊ эле.
Бирок, тилекке каршы алар ишеничибизди акташкан жок. Биздин негизги максат мамлекет үчүн жанын берген аталарыбыздын, уулдарыбыздын, агаларыбыздын талаптарын аткарууну бийликтен талап кылуу, мындан ары карапайым элге залакасы тийген кандуу бийликтин кайталанышына жол бербөө, курман болгондордун өлүмүнө себеп болгон канкорлорду мыйзамдын негизинде жазага тарттыруу эле. Ишенип биздин көйгөйлүү маселелерди чечет деп курман болгондордун арбагын сатпайт деп шайлаган төрага А. Сагындыков жана анын жардамчысы Н. Айдабосунова биздин ишеничибизди акташкан жок. Тескерисинче А.Сагындыков биздин аркабыздан өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн коомду бизнеске айландырды. Бул ачуу чындык! Алдоо жолу менен 7-апрель окуясына тиешелүү өтүп жаткан сот процессин жамынып элди митингге чыгарып анын артынан бийликтен чоӊ кызмат сурап жеке маселесин чечүүгө өттү. Биринчи эле чоӊ кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган азыктарды өндүрүү жана жүгүртүү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигин жетектеди ал жакты карызга батырып, иш бөлмөсүнө эмерек алам деп бир канча миллиондорду жеп алганын коомдун мүчөлөрү жакшы билебиз.
Албетте ошондогу бийлик бул боюнча үн ката алган жок себеби ошол мезгилде саясий абал өтө оор эле. Биз дагы баарыбыз карапайым болгондуктан алгач эч нерсеге түшүнө алган эмеспиз.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган азыктарды өндүрүү жана жүгүртүү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиги жоюлуп кетип кайрадан Карабалта спирт заводун жетектеп ишке орношту. Мында дагы бизди Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдына «бакиевди экстрадициялоо» тууралуу маселе көтөрөлү митингге чыккыла деп бизди чыгарып эки күндөн кийин Карабалта спирт заводун жетектеп калды.
Ушундан улам, арабыздан активисттер чыгып А.Сагындыковго каршы пикирибизди билдире башташты. Ошону менен эле А.Сагындыков тынчып калбастан коомдук бирикменин 5-6 адамын чогултуп алып бийликти кысып туруп Манас орденин алып бергиле деген иш аракетке чейин жетти.
Бизди мындай иш аракеттери күндөн күнгө кыжырыбызды келтирди.
Коомдук бирикменин ичинде бир канча жолу чогулуш өткөрүп төрагалыктан кетүүсүн, бизди жамынып абройубузга шек келтире турган иштерге барбасын талап кылдык. Себеби ошол мезгилде коомдук бирикмеде курман болгондордун социалдык маселелери чечилбей бир гана А.Сагындыковдун гана жеке маселелери чечилип жатканына эл чыдай албай калган эле.
Канчалык күрөшсөк дагы төрагалыктан кетпээрине көзүбүз жетип жогоруда аталган иш аракеттеринин негизинде жалпы Кыргыз элибизге уят болбойлу курман болгондордун эрдигин түбөлүккө калтыралы деген ураан менен «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин 56 мүчөсү 2014-жылы эле өзүнчө бөлүнүп «Эр-Теги» коомдук бирикмесин түзүп кеткенбиз. Андан бери 4 жылдын жүзү болду. Ушул аралыкта кээ бир «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин калган мүчөлөрү А. Сагындыковго ишенбей биздин коомдук бирикмеге атайын арыз менен кайрылышып өтүп кетишкен. Учурда «Эр-Теги» коомдук бирикмесинде курман болгон 65 адамдын үй-бүлөлөрү катталган.
Ошол себептен улам, «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин төрагасы биздин коомдун мүчөлөрүн жамынбай өздөрүнүн атынан кайрылуу жолдосо туура болмок жана биз дагы анын буга чейинки мындай былык иштерин ааламга жар салбайт элек. Эчактан бери эле кимде ким биздин атыбызды жамынып бизнес кылса жараткан Аллахтын сотуна койдук деп келебиз.
Мындан 5-6 ай мурун биздин коомдун мүчөлөрүнө «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин теӊтөрайымы Н. Айдабосунова чалып жер берилет деп алдап адамдарды чакырып кайсыл бир документке кол койдуруп алган. Көрсө булар канкор бакиевдин мүлкүн басып алуу иш аракетин көрүп жатканын кайрылуу катынан окуп күбө болдук. Биз мындай мыйзамсыз ишке каршыбыз. Себеби коом түзүп жатканда курман болгондорду жамынып мыйзамсыз иш кылбайбыз деп ант бергенбиз. Эртеӊки күнү биздин жүзүбүз Кыргыз элинин алдында жарык болушу керек! Бийликти сынга алуудан мурун биринчи өзүбүз таза болушубуз керек эмеспи. Элибизде жакшы макал бар «берсе байды жакшылайт бербесе байды жамандайт» деген. Ошонун сыӊарындай социалдык тармак аркылуу А. Сагындыков менен Н. Айдабосунованын кайрылуу жолдогону акылга сыйбаган уят иш!
Албетте кайрылуу жолдогонго ар бир инсан укуктуу бирок «курман болгон 87 үй-бүлөнүн атынан» деп бизди жамынбагыла биз буга жол бербейбиз! Бул убакытка чейин уурдалган биздин ырыскыны керек болсо өндүрүп алганга кудуретибиз жетет! Биз мамлекет үчүн жанын берген аталарыбыздын арбагы нааразы болгон иштерге эч качан барбайбыз!
«Эр-Теги» коомдук бирикмеси өзүбүздүн коомдун мүчөлөрү болгон карапайым эл менен бирге иш алып барып келебиз. Элди жамынып коомду бизнеске айландырбайбыз! Урматтуу А. Сагындыков мырза мындан ары биздин атыбызды жамынууну токтотуӊуз! Ошондой эле, Н. Айдабосунова айым эгер сиз чын эле курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө күйсөӊүз 7-апрелде мамлекет үчүн жанын берген уулуӊуз Ж. Кудайбергенов агабыздын жалгыз артында калган туягы Жолдошбек кызы Шоолага мамлекет тарабынан берилген батирди кайтарып бериӊиз! Себеби жетим менен жесирдин көз жашы тынч уктатпайт!
Биз бул убакытка чейин курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө коомчулуктун туура эмес ой пикирин туудуруп албайлы деп мындай иш аракеттериӊерди өзүӊөрдүн абийириӊерге койуп үн катпай келгенбиз. Силердин биздин атыбызды жамынып кайрылуу жолдогонуӊар менен кайрадан өз кызыкчылыгыӊарды көздөгөн былык ишиӊердин курмандыгы болбойлу деп жооп кайтарууну чечтик!