Домой Аналитика «Мегакомдун» тагдыры кандай болот? Кыргыз өкмөтү уюлдук операторду сатуу жөнүндө жарыялады

«Мегакомдун» тагдыры кандай болот? Кыргыз өкмөтү уюлдук операторду сатуу жөнүндө жарыялады

39

Кыргыз өкмөтү «Мегаком» уюлдук операторун сатуу жөнүндө жарыялады. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Алмаз Кадыркуловдун айтымында, Ernst&Yang компаниясы ишкананы 306 млн. долларга баалаган.

Мегаком

Кадыркуловдун айтымында, баа берүү аягына чыгып, баштапкы баа 306 млн. доллар же болбосо 18 млрд. сом деп белгиленди. Компаниянын сатыкка чыгарылышы коом­чулуктун кызуу талкуусуна түштү. “Алтын жумуртка” берип жаткан компанияны эмнеге сатасыңар деп сындагандары бир четинен чыкса, “Мегакомду” азыр сатуу менен мамлекеттин казынасын толтурган бирден бир компанияны сактап калуу үчүн бул кадамга баруу керек дегендер четтен чыгат.

Байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Абаскановдун пикиринде, Кыргыз өкмөтү мобилдик байланыштардын рыногундагы заманбап жагдай­ды жана тенденцияларды эске алуу менен ушул кадамга барганы туура деп эсептейт. “Альфа Телеком” ЖАКсын аукцион аркылуу сатуу чечимин кабыл алып жатып Кыргыз өкмөтү келечектин бир катар факторлорун эске алды деп ишенем. Мобилдик байланыштын рыногунун заманбап жагдайлары жана  тенденциялары эске алынды деп ойлойм. Бүгүнкү күндө бардык мобилдик операторлордо алар интернет-трафиктердин түтүкчөсүнө айланганы үчүн кирешеси азаят деген коркунуч бар. Бул нерсени ири мобилдик операторлордун финансылык отчеттору дагы тастыктап жатат” дейт Нурбек Абасканов.

Анын айтымында, өкмөттүн бул компанияны ачык аукционго чыгарып жатканы мамлекеттин көрөгөчтүгүн далилдеп жатат. Анткени, алар эң ири салык төлөөчү компаниянын келечегине кам көрүшүүдө. Компания жеке менчикке өтсө дагы мамлекетке чоң суммадагы салыктарын төлөөсүн уланта бермекчи.

“Албетте, мамлекет эң көп салык төлөгөн ишканадан жана өлкөнүн инвесторунан айрылгысы келбейт. 2015-жылга карата эле “Альфа Телеком” бюджет жана башка төлөмдөрүнө 2 млрд сомдон көп каражат төлөгөн. Бул көрсөткүч 2010-жылга караганда 2,5 эсеге көп. Бул мамлекет мыкты башкаруучу болгонун көрсөтүп турат.  Аны менен катар эле акыркы беш жылда компания дивиденд катары мамлекетке 7 млрд. сом төлөгөн. Бул каражатты ишкана өзүнүн өнүгүүсүнө деле жумшаса болмок. Жаңы технологияларды, байланыш линияларын киргиз­генге оңой эмес акчалар керек”, —  дейт Абасканов.

Маалымат үчүн айта кетсек, “Мегаком” уюлдук оператору 2014-жылдын июль айынан бери 100% мамлекеттин менчигинде. Жеке бизнес менен теңтайлашып, мамлекет мыкты менеджер болгон учурлар Кытай, Малайзия, Сингапур сыяктуу башка өнүккөн өлкөлөрдө мисалдар толтура. “Мегаком” компаниясынын жарыялаган пресс-релиздериндеги маалы­маттарга таянсак, 2010-жылдан 2014-жылга чейин, тагыраак айтканда, жарым-жартылай мамлекеттик башкаруу жүрүп жаткан кезде, же толук мамлекеттик башкарууга чейин “Мегакомдун” тапкан акчасы 46,9%га же 2 733 млн. сомго өскөн. Активдүү абоненттердин саны 29%га же 633 миң адамга өскөн. Көз көрүнөө өскөн бул финансылык көрсөткүчтөр мамлекеттик башкаруу жаман эмес болгонунун дагы бир далили.

Бирок, компания 100% мамлекеттик менчикке өткөндөн баштап, “Мамлекеттик сатып алуулар” боюнча мыйзамдарды аткарууга автоматтык түрдө милдеттендирилип калды. Бул нерсе атаандаштык менен иш алып барып жаткан компанияларга терс гана таасирин тийгизбесе, эч кандай пайдасы жок. “Мамлекеттик сатып алуулар” тууралуу мыйзам “Мегакомду” кандай нерсе сатып албасын ачык булактарда жарыя кылууга милдеттендирет. Мындай кадамдар иштин жүрүшүн гана кечеңдетпестен, маалыматтардын ачык болгонунан атаандаштар пайдаланып кетишине шарт түзүп берет.

 

Тобокелчиликтер

Компаниянын алган насыялары жана дагы Максим Бакиев менен байланышкан соттук териштирүүлөр бар экенин дагы унутпашыбыз керек. Бул факторлордун баары “Мегакомдун” келечектеги өнүгүшүнө терс таасирин тийгизери айдан ачык.

Компаниянын өнүгүп-өсүүсүнө тоскоол боло турган дагы бир көрүнүш бар. Эксперттердин пикиринде, телекоммуникациялык тар­мактагы дүйнөлүк тенденцияга ылайык, телефондук сүйлөшүү­лөрдөн түшкөн пайда 50%га кыскарышы ыктымал. Анткени, технологиянын өнүгүшү менен элдин көпчүлүгү WhatsApp, Viber, Skype сыяктуу байланыштын түрлөрүн колдонуп калышты. Мунун баары эле уюлдук компаниялардын телефондук сүйлөшүүлөрүнөн түшкөн пайданын кыскарышына шарт түзүп жатат. Орусияда J’son & Partners Consultingдин изилдөөлөрүнө караганда, уюлдук операторлор 2014-жылы дал ошондой ОТТ-мессенджерлердин жана VoIP-сервистердин айынан 20 млрд. рубль жоготушкан. Juniper Research иликтөө агенттигинин маалыматына таянсак, 2014-жылы дүйнөдөгү уюлдук операторлор OTT-сервистердин айынан 14 млрд. доллар киреше албай калышкан. Бул тенденция ушуну менен эле токтоп калган жок. Эксперттердин божомолунда, VoIP-сервистердин эле айынан уюлдук операторлор 2020-жылга карата 479 млрд. доллардан кол жуушат. Бул телекоммуникациялык рынок түп тамырынан бери өзгөрөт дегенди түшүндүрөт. Мурдагыдай бизнес-моделдер атаандаштыкка туруштук бере албай калышы толук ыктымал.

Ушуга байланыштуу “Мегаком” компаниясы 2014-жылы телефондук сүйлөшүүлөрдөн түшкөн киреше боюнча акыркы рекордду койду десек да болот. Телекоммуникациялык структура мындай өзгөрүүгө тушугуп жатканда, кийинки жылкы көрсөткүчтөр мындан жогору болот деп айтуу абдан эле кыйын. Тоок деле күндө эле алтын жумуртка тууй бербейт экен, көрсө.

Бүгүнкү күндө “Альфа Телеком” ЖАКсында  өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү али бар, компания мурункудай эле атаандаштыкка туруштук берип жатат.  “Темирди ысыгында сок” демекчи, мамлекет дал ушундай ири активдин кожоюну болуп жаткандан кийин тобокелчиликтердин баарын эске алып, курулай сөздөргө эмес, фактыга таянып туура чечим чыгарышы зарыл.

Азамат Кангелдиев