Мурдагы ички иштер министри Абдулда Суранчиев «Мегаком» соода маркасы менен иш жүргүзгөн «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин милдетин аткара баштады.
Суранчиев 2013-2014-жылдары ички иштер министри болгон. Акыркы жылдары «Альфа Телеком» компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары болчу.
«Мегакомду» 2018-жылдан бери башкарып келаткан Акылбек Жамангулов «Биримдик» партиясынын курамында октябрда өтчү парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, 19-августта кызматын тапшырды.
источник: www.azattyk.org