Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланганына байланыштуу «Альфа Телеком» (Мегаком) жабык акционердик коомунун акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндөгү кызматкерлери жалпы компанияда иштегендердин 3 пайызын түзөт. Бул тууралуу «Мегаком» мобилдик байланыш операторунун коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы Жумгалбек Өмүрканов «Азаттыкка» билдирди:
«Өзгөчө кырдаал жарыяланганда соода түйүндөрүндө сатуу жана тейлөө кызматында иштеген жумушчулар ишсиз калышты. Ошондуктан аларды эмгек өргүүсүнө жиберүүгө аргасыз болдук. Ал эми акы төлөнүүчү эмгек өргүү күндөрү жок кызматкерлер кырдаал турукташканча акы төлөнбөгөн өргүүгө жиберилди».
Өмүркановдун маалыматына караганда, акы төлөнбөгөн өргүүгө жиберилген жумушчулардын басымдуу бөлүгүн азык-түлүк саткан соода борборлоруна ачылган түйүндөргө орноштуруу аракети жүрүп жатат.
Ал ошондой эле компания үйдө отуруп иштеп жаткан кызматкерлеринин айлык акысын толугу менен төлөп берип жатканын, элди мобилдик байланыш менен үзгүлтүксүз камсыз кылыш үчүн тиешелүү адистер гана кеңселерде иштеп жатышканын кошумчалады.
Кыргызстанда бир нече мобилдик байланыш операторлору иштейт. Алардын ичинен «Мегаком» компаниясы мамлекеттин карамагында. Маалыматка караганда аталган компания коронавируска байланыштуу өзгөчө абал учурунда мектеп окуучуларынын жана окуу жайларынын студенттеринин аралыктан билим алышына шарт түзүп, акысыз Интернет менен жабдып берген. Мындан тышкары чек ара, медицина кызматкерлерин, коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча түзүлгөн штабдардын байланышын жана Интернетин акысыз камсыз кылып жатат.
Булак: Азаттык