Медер Сыдыков Кыргызстандын футбол союзунун президенти болуп шайланды. Кезексиз шайлоо бүгүн, 11-октябрда Бишкекте өттү.
Бул кызматка 2 талапкер Медер Сыдыков менен Семетей Султанов чыккан болчу. Бүгүнкү добуш берүүнүн жыйынтыгында Медер Сыдыков жеңүүчү болду.
Медер Сыдыков буга чейин Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болуп эмгектенип келген.