Кечээ күнү Жогорку Кеңештин тишелүү комитеттери Эсептөө палатасынын аудиторлук кызматына ат салышып жаткан 9 талапкердин маселесин карады. Президенттик администрациядан, буга чейин Фарид Ниязовдун биринчи орун басары болуп келген Улукбек Марипов жана маркум Медет Садыркуловдун кыргыз тилин билбеген кызы Айжан Садыркулова көрсөтүлгөн. Бул экөө тең комитеттерден жактырылды, эми жалпы депутаттардан да сөз жок өтөт. Айтмакчы, Улукбек мырза, Эсептөө палатасына төрага болуп калышы мүмкүн. “Бир Бол” партиясы Акылбек Түмөнбаев, Мырзахметов Нурболотту жана чоң муштумдугу менен атагы чыккан Нурбек Мурашевди көрсөттү. Мурашев үчүн Акылбек Жапаров төш тосуп, “Нурбекти кыйнасаңар экен, ишти билет, кыйратат” — деген кыязда кыйкырып чыкты. Ал эми буга чейин аудитор болуп келген Медетов Ишенбектин талапкерлигин КСДП көрсөттү. Султанкулов Алмазбекти “Өнүгүү -Прогресс”, Садовников Вадимди “Кыргызстан”, Эркинбек уулу Эмилбекти “Республика-Ата Журт” фракциялары сүрөп турат.