МБКнын төрагасы мамлекеттердин бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын 41- отурумуна катышты
Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде Армения Республикасынын Ереван шаарында Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттердин биргелешкен коллегиясынын 41-отуруму болуп өттү.
Иш-чараларга Кыргызстандын, Россиянын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын бажы кызматтарынын, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышты.
Биргелешкен коллегияда демпингге каршы алымдарды төлөбөй коюу же толук төлөбөө тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында бирдиктүү тобокелдик профилдерин бекитүү, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2017-жылдын 19-декабрындагы № 188 «Товарларды чыгарууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө» чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө, ошондой эле бажы транзитинде навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларды ташууга байкоо жүргүзүүдө тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралардын бирдиктүү тизмеси жана аларды колдонуу учурлары жөнүндө маселелер каралды.
Белгилей кетсек, отурумда кабыл алынган чечимдер ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташтыктын жана практикалык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Мындан тышкары, аталган иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы С.С. Исабеков Беларус Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы В.Н. Орловский менен беларустун бажысында Кыргыз Республикасына бара жаткан автотранспорт каражаттарынын топтолушу боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар топтолгон унааларды тездетип өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүү зарылдыгы боюнча бир пикирге келишти.










