Домой Коом МБКнын бир катар кызматкерлери билимдерин жогорулатышты

МБКнын бир катар кызматкерлери билимдерин жогорулатышты

12

МБКнын бир катар кызматкерлери оперативдик ишмердүүлүктө маалыматтык-аналитикалык иштер жаатында билимдерин жогорулатышты

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ачык маалымат булактарынан алынган интернет-чалгындоо, ачык жана жабык маалымат базаларынан алынган маалыматтарды пайдалануу, синтетикалык баңги заттарды аныктоо жана алардын жайылышына каршы аракеттенүү. Бул багыттар боюнча билимин контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жогорулатышты.

2023-жылдын 10-апрелинен 12-апрелине чейин «Ыкчам ишмердүүлүктөгү маалыматтык-аналитикалык иштердин негиздери» темасына окуу курсу өткөрүлдү. Окутуу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Адистештирилген бажы кызматы тарабынан өткөрүлдү.

Негизги максат – бажы кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу. Жалпысынан 23 бажы кызматкери курсту өтүп, аяктагандан кийин сертификаттар тапшырылды.