Бажы кызматкерлери контрабандалык тамекилерди алып кирүүгө бөгөт коюшту, келтирилген зыяндын суммасы 54 миллион сомдон ашты
МБКнын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Түндүк-Чыгыш бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана КР УКМКнын 6-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү учурунда бажылык укук бузуу фактысын аныктаган.
«Ф» ЖЧКсынын дарегине Түркия Республикасынан Кыргыз Республикасынын жараны «М.И.М.» башкаруусунда «Renaul» маркасындагы унаа менен «токулган кездеме» товары келген.
Бажылык текшерип кароодо автотранспорттун жүк бөлүгүнөн төмөнкүдөй товар – «тамеки» табылган:
– Milano Tech Lock Silver – 1000 куту;
– Milano Tech Lock Black – 633 куту;
– Milano Fan Pack London – 312 куту.
Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон. Келтирилген чыгымдын болжолдуу суммасы 58,4 миллион сомду түзгөн.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
https://fb.watch/j6SwfbyFsH/?mibextid=v7YzmG