Домой Кылмыш МБК: 21 700 АКШ доллар суммада акча каражатын алып чыгуу аракетине бөгөт...

МБК: 21 700 АКШ доллар суммада акча каражатын алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

3

«Достук» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында декларацияланбаган 21 700 АКШ доллар суммада акча каражатын алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

«Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын ЧАК кызматкерлери менен биргеликте декларацияланбаган акча каражаттарын сыртка чыгаруу фактысын табышты.

«Достук» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында Өзбекстан Республикасына бара жаткан «А.Т.С.» Кыргыз Республикасынын жаранынын жеке жүгүнө бажылык текшерүү жүргүзүүдө декларацияланбаган 21 700 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражаты табылган.

Факт КБР МЭЖ АМСте катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.