МБК 2023-жылдын февраль айына бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн 101,4% камсыз кылды.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын февраль айында республикалык бюджетке 6, 488 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсүн камсыз кылды.
2017-жылдан 2023-жылдын окшош мезгилинде бажы төлөмдөрүнүн түшүү динамикасы:
— 2017-жылы – 1,9 млрд сом
— 2018-жылы – 3,1 млрд сом
— 2019-жылы – 2,7 млрд сом
— 2020-жылы – 1,8 млрд сом
— 2021-жылы – 2,8 млрд сомов;
— 2022-жылы – 4,7 млрд сом
— 2023-жылы — 6,488 млрд сом
Үстүбүздөгү жылы белгиленген февраль айынын пландык көрсөткүчтөрү 101,4%га аткарылган же 88,0 млн сомго ашыкча чогултулган.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алымдар боюнча белгиленген болжол 84,4%га же 291,3 млн сомго аз аткарылган.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын январь айында Мамлекеттик бажы кызматы да белгиленген планды ашык аткарып, мамлекеттик казынага 6,042 млрд. сом же 316,4 миллион сомго көп бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылган.