“Бизге өкмөттөн тапшырма берилди. Мамлекеттик материалдык резерв фондунун унун 1400 сомдон ашырбай сатуу үчүн атайын жайларды даярдап жатабыз. Бул ун кызыл кулактыкка жол бербөө үчүн дүкөн-базарларга түшүрүлбөйт”, — деди Түлөбаев.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин киргизилген алгачкы күндөрү Кыргызстанда ун тартыштыгы байкалып, баа кескин өскөн. 1000-1200 сом турган биринчи сорттогу бир кап ун 1700-2000 сомго чыккан.
Монополияга каршы күрөшүү агенттиги ундун бир килосун 32 сомдон ашырбай сатуу талабы коюуда.
Буга чейин өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 7,9 тонна ун бөлгөн. Алар бардык облустардагы жана шаарлардагы кыйналып жашаган үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга таратылып берилген.
Булак: Азаттык