Домой Саясат Матраимовдун мүлктөрүн сыйпалап таппай жатышат

Матраимовдун мүлктөрүн сыйпалап таппай жатышат

33

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү  кызматы айтылуу “коррупционер”, РАИММИЛЛИАРДдын мүлктөрүн быйыл февраль айынан бери издеп,  сыйпалап таппай жатышат. Аталган кызмат  анын мүлктөрү боюнча изди чет өлкөлөрдөн да издемиш этип, суроо-сопкут жөнөткөнүн,  ал мамлекеттерден жооп күтүп жатканын билдирди. Эми эмне дейли, булардын көздөрү көр, кулактары кереӊ дейлиби? РАИММИЛЛИАРДдын жайнап турган мүлктөрү буларга кандай эле көрүнбөйт, ыя. Бирок бул маселеде бир мандем бар, президент “көрбөгөн” , мүлктү, ушул укук коргомуш эткендер балекеттин көрүшөбү? Ушуларга ишенген байкуш эл.

РАИММИЛЛИАРДды болсо Түркиядагы бир компанияга вице-президент болот экен дешкен. Албетте бир компания дегени өзүнүкү эле. Булар элди “лох” деп ойлошот. Элди кууратып, мамлекетти тоногондор бир күнү өзүӊөр “лох” болуп, ошол тоноп, уурдап топтогон байлыгыӊардын азабын абдан тарта турган күн келет. Күтө тургула. Канткен менен үстүбүздө  Кудай бар эмеспи…