Матраимовдодун былыктарын коомчулукка коркпостон айтып чыккан Эмилбек Кимсанов СИЗОдо сабалганын анын жактоочусу айтып чыкты.
«Мага түнкү саат 3тө жашыруун шарт менен СИЗОдо Эмилбек Кимсановдун сабалганын кабарлашты. Анын камерасына 3 адамды жайгаштырып, өмүрүнө коркунуч жаратышууда. Мен нөөмөттө тургандарга телефон чалсам, мага иш күнү болбогондуктан кимдир бирөөнү текшерүүгө жибере алышпасын айтышты. Анда эмнеге СИЗОнун кызматкерлери нөөмөттө турушат? Мамлекет камакка алган соӊ, айыпталып жаткан адамдын ден соолугуна, өмүрүнө жооп берет», — деп билдирди.
Эмилбек Кимсановдун сүрөтүн жубайы Мария Заворотняя «Фейсбук» баракчасына бүгүн, 13-апрелде жүктөдү.Жубайынын айтымында 10-апрелде Кисановду тергөөгө алып келгенде анын адвокаты Кимсановдун сабалганын тартып алган. Буга чейин анын чөнтөк телефону жоголгонун, анын интернет баракчасынан ар кандай билдирүүлөр тараса ишенбөөгө чакырды.
Буга чейин ал видео кайрылуу менен Матраимов мени кылмышка түрткөн деген билдирүү жөнөткөн.
https://www.facebook.com/100049610590049/videos/113846740279012/
Булак: Багыт